Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:27

Шайлоо адилеттигин талап кылган пикет уюштурулду


ЖАЛАЛАБАД Кыргызстан элдик кыймылына кирген саясий партиялардын кызыл, роза түстүү жагоолорду мойнуна байлап, көкүрөгүнө ошондой белги коюшкан облустук ондон ашык жетекчиси колдоруна азыркы бийлик менен экс- элчилердин шайлоодон четтетилишине нааразы сөздөр жазылган плакаттарды үч жарым саат бою кармап турушту.
- Ал Акаевдин көрсөтмөсү боюнча болуп жатабы, же башка жагынан болуп жатабы, бийлик тарабынан эле ар дайым кысым жасалып, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн кошо мынабурекини өткөрөсүң, мына мындай болот. Ушундай болбосо болбойт деген пикир менен өтүп жүрөт,- деген компартиянын шаардагы башчысы Зейнеп Мамытканова шайлоо мыйзам бузуулар менен өтөөрүн белгилесе, укук коргоочу Абдымамбет Кадырбеков шайлоочулардын укугун бузбоого негизи демократиялык шайлоо өткөрүү, эл өзүнүн каалаганын тандап алсын ушунтип чакырып, Сузак районунан келген Тааберди Жаркынбаев бийликке ишенбестигин айтты. Азыркы кыргызстан турмушунда бийликке ишенбей калдык. Ошон үчүн шайлоо адилеттүүлүк менен өтсүн деген ойдомун.

Пикетчилерге облустагы бийликтин имаратында сүйлөшүүнү сунуш кылып, президент Аскар Акаев эл менен жолугушкандагы талабын айтса болоорун билдирди. «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Жалалабаддагы жетекчиси Ашым Чатаевдин сөзү боюнча өлкө башчы облуска келгенде тандалган адамдарга гана сөз берилет.
Болгон дежур чалдар сүйлөйт. Көрүп эле жүрөбүз. Он беш жылдан бери көрүп келе жатабыз.Элди кантип жатасың деп бир сураган жери жок, деди элдик кыймылдын башчысы Ашым Чатаев ушундай пикирде. Облустук бийликтин өкүлү Кадырбек Бечеловдун нааразылык бардык мамлекеттерде бар
Ар бир адам өз ой пикирин билдирип чыгып жатат.Нааразы эмес өлкө жок. Баардык эле жерде бийликке наарызы болгон кандайдыр бир топтор болот, - деди Кадырбек Бечелов.
Пикетчилер өз акциясын 14-январда да улантаарын билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG