Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

Саясий партия коомдук кыймыл жетекчилери мамлекет башчыга кайрылышты


КАРАКОЛ. Кайрылууга «Асаба улуттук кайра жаралуу», «КДК», «Социал демократиялык», «Жаңы Кыргызстан» саясий партияларынын облустагы бөлүмдөрүнүн лидерлери кол коюшкан. Кайрылуу ээлери 27-февралда өтүүчү парламенттик шайлоого экс-- элчилердин, оппозициячыл маанайдагы саясий партиялардын коомдук кыймылдарынын лидерлеринин талапкерлигин четке кагылышына жана ар кандай деңгээлдеги кысымдардын болуп жатышканына нааразычылыктарын билдиришти. Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана республиканын шайлоо боюнча кодексине туура келбеген мындай иш аракеттер эң ириде бийликтин кысымы аркылуу уюштурулуп жаткандыгына карапайым калк түшүнүп калды. Демек, оппозиция менен бийликтин ортосундагы мындай курч кырдаалга терең ой жүгүрткөн ар бир адам алдыдагы парламенттик шайлоонун адилеттүү жана калыс өтөөрүнөн шек санай баштады, дейт кайрылуу ээлеринин бири «Асаба улуттук кайра жаралуу» партиясынын облустагы бөлүмүнүн лидери Канымет Жакыпбектегин.

XS
SM
MD
LG