Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Премьер-министр Кытайга аттанды


БИШКЕК. Премьер-министр Николай Танаев 13-январда Кытайдын Шиңжаң Уйгур автоном районуна ырасмий сапар менен барды. Танаев иш сапарынын учурунда райондун парткомунун катчысы Ван Лэцюань баштаган жетекчилер менен жолугушат. Премьердин сапары үч күнгө созулат. Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда буга чейин олуттуу эки документ, атап айтканда, 2004-2014 жылдар аралыгындагы кызматташтык программасы жана Кыргыз-Кытай чегараларын демаркациялоо жөнүндөгү протокол кабыл алынган. Бул документтерде Кытай менен Кыргызстан транспорт, энергетика, тоо-кен өнөр жайы жана чегара тармактарында кызматташууга артыкчылык беришкен.

XS
SM
MD
LG