Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Өкмөт ташууга тыюу салынган товарлардын тизмесин бекитти


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү товарларды жана автоунааларды чегаралар аркылуу алып өтүүнүн тартиби жөнүндөгү эрежелерди бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. Токтомго ылайык жеке адамдарга курал жарак, наркотикалык, психотроптук, жарылуучу жана уулуу заттарды алып өтүүгө тыюу салынат. Ошондой эле Кыргызстандын саясий, экономикалык кызыкчылыктарына, мамлекеттик коопсуздукка, коомдук тартипке, рухий дөөлөттөргө жана саламаттыкка доо кетире турган басылмалар, видео жана үн тасмалар өңдүү басма жана көркөм сүрөт буюмдарын да алып өтүүгө болбойт. Токтомдо ошондой эле жеке адамдардын товарларды коммерциялык максатта тышка алып чыгуусунун жана тыштан алып кирүүсүнүн тартиби жана бажы чектеринен автоунаа менен алып өтүүнүн тартиби белгиленген.

XS
SM
MD
LG