Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:16

ЕВРОПА САЯСАТЧЫЛАРЫ ЕВРОБИРИМДИКТИН МААНИСИН ЖОГОРУЛАТУУГА АРАКЕТТЕНҮҮДӨ


Нарын Айып, Прага. 12-январда Франциянын Страсбург шаарында Европарламент - Европа Биримдигинин жаңы конституциясын бекитти. Аны менен катар парламентте - Европа Биримдиги менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы мамилелер дагы талкууланды. Жыйында эки тарап тең кызматташууга кызыкдар экендиги белгилөө менен бирге маселелер да бар экени тууралуу бир топ айтылды.

12-январда Франциянын Страсбург шаарында Европарламент - Европа Биримдигинин жаңы конституциясын бекитти. Аны менен катар парламентте - Европа Биримдиги менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы мамилелер дагы талкууланды. Жыйында эки тарап тең кызматташууга кызыкдар экендиги белгилөө менен бирге маселелер да бар экени тууралуу бир топ айтылды.

2003-жылы АКШ өз алдынча Иракка каршы согуш баштагандан кийин, европалык жана америкалык саясатчылар ортосундагы мамилелер бир кыйла сууй түшкөн. АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд кезегинде Алмания менен Францияны "эски Европа" деп да атап, Польшаны баш кылып, Европа Биримдигине жаңы кошулган өлкөлөр менен кызматташууну күчөткөнү белгилүү. Анткен менен акыркы айларда абал оңоло баштады.

Өзгөчө ноябрдын аягында жана декабрда Украинадагы президенттик шайлоо менен байланыштуу чатак чыкканда, европалык жана америкалык саясатчылар менен уюмдар бирдиктүү аракеттенип, абалды оңдогондо кызматташуунун жогорку деңгээлин көрсөттү.

12-январда Страсбургда өткөн жыйынга Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкүлдөрү жана уюмдун өкмөтү деп эсептелинген Европа Комиссиясынын мүчөлөрү катышты. Еврокомиссиянын илим жана изилдөөлөр боюнча комиссары Янеш Поточниктин айтымында, Европа Биримдиги менен АКШнын жалпы максаты бир: "Мен төгүндөлбөс эки фактты эле айтайын: биринчиден, Америка менен Европа ортосундагы мамилелер чындап эле өзгөчө жана кайталангыс. Экинчиден, канча талаш-тартыш болсо дагы, бул мамилелер негизинен оң".

Анткен менен Поточниктин пикиринде, Европа Биримдиги дүйнөлүк саясатта азыркыдан жогору мааниге ээ болуш керек экенине Вашингтон көнүүгө тийиш: "Албетте, АКШ менен Европа Биримдиги ортосундагы мамилелер учурга байланыштуу өзгөрүүгө тийиш, өзгөчө коопсуздук маселелери менен байланышкан өзгөрүүлөр эң жогорку мааниге ээ болуш керек. Аны менен катар Европа Биримдигинин ичиндеги өзгөрүүлөр дагы эске алынганы жакшы жана Биримдик кеңейген сайын, анын тышкы саясаты да күчтүү болуп, аны менен байланыштуу АКШ менен биздин уюм ортосундагы кызматташуу дагы кеңейип-тереңдеш керек."

Ирак маселесинен тышкары, АКШ менен Европа ортосунда көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан пикир келишпестик Жакынкы Чыгыштагы абал менен байланыштуу. Вашингтон негизинен Израилдин саясатын колдосо, Франция такай Палестинанын укуктары тууралуу айтып келет. Европалык саясатчылардын пикиринде, 9-январда Палестинада шайлоо өткөрүлүп, автономиянын жаңы төрагасы болуп Махмуд Аббас шайланганынан пайдаланып, Батыш тынчтык орнотуу аракеттерин күчөтүүгө тийиш.

Франциялык мурдагы генерал, 1990-жылдарда Босниядагы Бириккен Улуттардын күчтөрүн башкарган Филипе Морильонун айтымында, тынчтык орнотуу жараянында Вашингтон Израилге басым жасаш керек: "Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу ишинде жаңы мүмкүнчүлүк пайда болду, бирок ал узак мөөнөткө ачык бойдон кала бербейт. Европа Биримдиги дагы, АКШ дагы андан пайдаланып, сүйлөшүү жараянын тез убакытта, жай айларына чейин башташ керек. Бирок ал сүйлөшүүдө Палестинанын жаңы төрагасы кандай болгон учурда дагы утулган тарап болуп калбаш керек".

1-январдан тартып Европа Биримдигинде Люксембург төрагалык кыла баштады жана жыйында сүйлөгөн анын өкүлү Жан-Луи Шилцтин айтымында, Европа Биримдиги дүйнөлүк саясатта кансыз согуш доорундагыдан жогору мааниге ээ болууга тийиш, Вашингтон болсо өзүнүн тышкы саясатын Европа мамлекеттери менен акылдашып жүргүзгөнү жакшы.
XS
SM
MD
LG