Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:24

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫНА БЕРИЛГЕН «КОЛ ТИЙБЕСТИК» ТАКТАЛДЫ, БИРОК…


Чолпон Орозобекова, Бишкек. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы менен мүчөлөрүнө кылмыш иши Президент жана парламенттин макулдугу менен гана козголот. Шайлоо кодексиндеги бул нормага мыйзамчы депутаттар түшүндүрмө киргизүүнү сунуштап жатышат. Ошондой эле 6- январда президент кол койгон өзгөртүүлөргө ылайык, шайлоого байланыштуу мыйзамдар күчөтүлдү.

Боршайкомдун төрагасы да, мүчөлөрү да мамлекет башчы менен парламенттин макулдугу менен гана кылмыш жообуна тартылат. Мындай норма Шайлоо кодекси жаңы кабыл алынганда эле кирген болчу. Мыйзамчы депутататтар алдыда эки шайлоо катар келаткан маалда бул беренелерге түзөтүү жана түшүндүрмө киргизүү зарылдыгын белгилешет. Шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү прокурордун гана санкциясынан кийин кылмыш жообуна тартылат деген беренеге депутат Азимбек Бекназаров киргизген тактоого мамлекет башчысы кол койду. Ага ылайык мындан ары кылмыш кылып аткан убагында үстүнөн чыгышса анда эч кимдин макулдугун күтпөй эле кармап кеткенге болот. Экинчиден, эми Шайлоо кодексинини нормаларын бузганда эч кимден уруксат сурабай эле аны кылмыш жообуна тартууга болот. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү президент менен парламенттин макулдугунан кийин гана жоопко тартылат деген беренеге түшүндүрмө берүү тууралуу сунуш боюнча азырынча президенттен жооп боло элек.

- Эгер шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү адам өлтүрдү, ууру кылды же бирөөнү сабады деген айып тагылып атса анда парламенттин жана президенттин уруксаты керек. Бирок, кудай сактасын бирок адам өлтүрүп аткан жеринен кармалса анда макулдук күтүп отурбай камай беришет. Ал эми Шайлоо кодексинин нормаларын бузган болсо макулдук сураштын кажети жок. Биздин тактоонун маңызы ушунда- дейт Азимбек Бекназаров.

Бирок, Бекназаров Борбордук шайлоо комиссиясы тууралуу мыйзамга да ушундай норма боюнча тактоо сунуштаган, ага президент 6- январда кол коюптур.
Борбордук шайлоо комиссиясына жана жергиликтүү комиссияларга кайсы бир деңгээлде мындай кол тийбестиктин берилишине коомчулукта ар кыл пикирлер бар. Эл өкүлдөр жыйынын депутаты Муртабек Мукашев мыйзам алдында ар бир адам бирдей деген ойдо:

-Кол тийбестик бул деген конституциялык норма. Азыр биздин Башмыйзамда көрсөтүлгөндөй кол тийбестик президентте, парламентте жана соттордо гана бар. Ал эми башка учуурларда кылмыш жасаган адам сот алдында бирдей укукта деп ойлойм,- дейт Муратбек Мукашев.

Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Кубатбек Байболов шайлоолордун убагында көз карандысыз чечим кабыл алышы үчүн ушундай норма зарыл деген пикирде. Депутаттын айтымында, шайлоолор убагында кырдаал курчуйт. Нааразы тараптар шайлоо комиссияларына ар кыл өңүттө залака келтириши ыктымал.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев соңку тактоолорду кубаттайт. Ал кылмыш үстүндө кармалышы жана кодекстин нормаларын бузганда деген эки учурдун такталышын туура көрөрүн «Азаттыкка» 13- январда телефон аркылуу билдирди.

Шайлоо комиссияларынын жоопкерчилиги боюнча нормаларды депутаттар Кылмыш- жаза кодексинде да кеңири тактап койгулары келген. Аталган кодекстеги атуулдардын шайлоо укугунун бузулушу жөнүндөгү 139-140- беренелерин ар бир кырдаалга жараша тактап чыгышкан болчу. Бирок, буга президенттен каршы пикир келди. Бул сунуш боюнча Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов да каршы бүтүм жазган.

Эгерде шайлоо комиссиясынын мүчөсү бюллетендердин тутамын сыртка көтөрүп баратып колго түшсө кандай жазага кириптер болот деген өңдүү ар бир кырдаалга карата тактоолорду киргизишкен.
Буга карата Курманбек Осмонов «айылдагы анча сабатсыз, саясаттан түшүнүгү жок, кичине акчага азгырылган карапайым бирөөнү жазага тартуу гумандуулукка жатпайт» деген кыяздагы жооп жазган. Айрым мыйзамчы депутаттардын пикиринде, Кылмыш- жаза кодексиндеги аталган беренелер өтө жалпылашкан жана бүдөмүк болгондуктан тактоолорго муктаж.

Бирок, президент Аскар Акаев Административдик кодекстеги бул өңүттөгү жоопкерчилик боюнча беренени кеңейткен өзгөрүүгө кол койду. Шайлоо комиссиясынын мүчөсү талапкерлердин, алардын ишенимдүү адамдарынын же байкоочунун укугун бузган күндө 15 күнгө камакка алынат. Ошондой эле бюллетендер менен мыйзамсыз кадамдарга баргандар да 15 суткеге эркинен ажыратылмакчы.
XS
SM
MD
LG