Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫ ЖЫЛДАН ЖЫЛГА КӨБӨЙҮҮДӨ


Айрым маалымат булактарында Орусия менен Казакстанда эле учурда 300 миңдей кыргызстандык атуул иштеп жүргөнү маалымдалат. Жайкы мезгилде алардын саны 500 миңге чейин жетээрин айтып жүрүшөт. Ал эми Батыш жана Азия өлкөлөрүндө 10 миңден ашуун кыргызстандык иштеп, окуп жүрүшкөнү тууралуу пикирлер да бар.

Чет өлкөлөрдө убактылуу иштеп жүргөн атуулдар жөнүндө Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин миграция департаментинин бөлүм башчысы Каниза Иязалиева мындай дейт:

- Орусия менен Казакстанда убактылуу иштеп жаткан кыргызстандык атуулдардын санын так билүүгө мүмкүн эмес. Айрым атуулдарыбыз эч кандай каттоого алынбай иштеп жүрүшөт. Орусияда эле 300 миңдей кыргызстандык жарандар убактылуу каттоого алынса, анын 4-5 миңи гана утурумдук иштөөгө , эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө улуксаат берген кагаз алышкан. Ал эми Казакстанда 100- 150 миң кыргызстандык жарандар иштеп, убактылуу жашап жүргөнү тууралуу элчиликтерибиз маалымат берген. Кыргызстандык мигранттарды 2 категорияга бөлүп, жалданып иштегендер жана жеке ишкерлик кылгандар десек болот. Башка алыскы чет өлкөлөрдө канча кыргызстандыктар иштеп, окуп жүргөнү тууралуу так маалыматтар жок.

Замандын ыргагына жараша чет жерде жүргөн мекендештердин абалын жеңилдетүү максатында Оренбургда «Кыргыз маданий борбору» түзүлсө, Астрахань шаарында жеке ишкер Капарбай уулу Алмазбек да маданий борбор түзүү аракетинде. Ростов на- Дону шаарында болсо Руслан Бейшеновдун демилгеси менен түзүлгөн «Манас» коому иштеп жатат. Мындан сырткары Санкт- Петербург, Казань, Самара, Красноярск, Оренбург, Чита, Новосибирск, Омск жана башка шаарларды кыргыз диаспорлору иштейт.

Жапан өлкөсүндө 2 жыл кара жумушта иштеп, Бишкектин борборунан 4 бөлмөлүү үй алууга каражат таап келген Капар Бечиковдун пикирине назар салыңыздар.

- Бул жакта иш жок болгондуктан, үйбүлөөсүн багуу үчүн аргасыздан чет өлкөлөргө иш издеп кетип жатышат. Мен деле жыргаганымдан Жапанияга барып, колго тийген бардык кара жумушта жалданып, аргасыз иштедим. Эми ал жак менен бул жакты салыштырууга болбойт. Бардыгы жумуш менен камсыз болгон. Жапан эл абдан кичи пейил, маданияттуу калк. Мага жакты. Дагы мүмкүндүк болсо барып иштеп келет элем.

Чет өлкөлөргө барып иштеп жаткан кыргыздар жөнүндө акын жана агартуучу Гүлсина ажы Өмүрбекова өз пикирин мындайча билдирди:

- Кыргыздар бүткүл дүйнө жүзүнө чачырап кеткени деле жаман эмес. Калк дүйнөгө таанылаарда мына ушундай жагдайга туш болот. Эң таза, акылдуубуз деген жөөт калкынын өкүлдөрү да бир мезгилде дүйнө жүзүнө тарап, таанылган. Айрым жазуучулар биринчи жаралган адам “Манас” деген түшүнүктү, божомолду айтып жүрүшпөйбү? Андай болсо, калктын түбүн бириктирүүнүн кудай буюрган амалы болсо керек. Чет өлкөлөргө кетип убактылуу кетип жаткандар кыргыздарды таанытып, дүйнө элдеринин маданиятын, мурастарын да үйрөнүп келишет.

Кыргыз-Түрк университетинин 2- курсунун студенти Ажар Дүйшембиева чет өлкөлөргө окууга барган жаштардын көбү ошол жакта калып жатышканын айтып, мындай деди:
- Менимче чет өлкөлөргө жаштар көп кетип жатышат. Алардын көбү окуп, билим алуу үчүн барышканы менен 1-2 жыл ошол жакта окуп, алардын жашоо- шартын көргөндөн кийин эптеп ошол жакта калуунун амалын ойлой башташат. Аларды жеңил жашоо ыңгайы, каражат табуу маселеси кызыктырат. Мен деле чет өлкөдө окуп калсам, “ата- энем бул жакта калбайм” деп айтканым менен ал жактын шартын көрүп, оюм өзгөрүлүп кетүүсү ыктымал. Жашоого бир келгенден кийин жакшы жашагың келет да. Жаштардын көбү Батыш жана АКШ өлкөсүнө барууга дилгир. Кандай гана мүмкүнчүлүк болсо колдон чыгарбай, мен деле чет өлкөдө жашап, иштегим келет.

Чет өлкөлөргө барган кыргызстандык айрым атуулдар ишке орношууга мүмкүндүк бербеген 1 айдан 3 айга чейинки меймандык каттоого алынып, кагаз жүзүндө келишим түзбөй ишке орношуп алып, укугу басмырланган жагдайларга туш болгонун айтып жүрүшөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG