Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

'ХЬЮМАН РАЙТС ВОТЧ" УЮМУ АКШны СЫНГА АЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага "Хьюман райтс вотч" аттуу адам укуктарын коргогон уюм 13-январда Нью-Йорк шаарында дүйнөдөгү абал тууралуу бир жылдык отчет жарыялады. Анда ар башка мамлекеттердеги адам укуктары боюнча маалыматтар камтылган, бирок негизги басым - Куба аралындагы америкалык Гуантанамо базасындагы абалга жасалат.

2001-жылдын 11-сентябрындагы террор арактетеринен кийин АКШ Ооганстанды бийлеген Талибанга каршы согуш жүргүзгөндө колго түшкөн шектүү адамдар Гуантанамо базасына жеткирилген. Америка өкмөтүнүн айтымында, алар аскерий туткундар болуп эсептелинбейт, ошондуктан аларга Туткундар боюнча Женева конвенциясы колдонулбайт, алар негизинен "Ал-Каида" жана башка террордук уюмдар тууралуу маалымат чогултуу максатында кармалууда.

Укук коргоо уюмдарынын айтымында, туткундар АКШнын өзүнүн аймагында кармалса, аларга мыйзам боюнча жакшы шарт түзүлүүгө тийиш болчу жана аларды суракка алуу учурунда кыйноо же башка мыйзамсыз аракеттерди колдонуу үчүн америкалык өкмөт аларды атайылап өз аймагынан тышкары кармоодо.

АКШнын укук министрлигине көрсөтүлгөн Алберто Гонзалестин айтымында, туткундардын укуктары негизинен бузулган жок. Алар кадимки абактарда отурса, өкмөт алардан тийиштүү маалымат ала албайт болчу: "Ал-Каиданын" колдоочуларына биз Женева конвенциясын колдонсок, аларды бир бөлмөдө кармап, бир-бири менен сүйлөшүүгө шарт түзүш керек болмокпуз, бирок андай болгондо, алар өздөрүнүн максатына жетүү иштерин улантып, сакчыларга каршы да аракет көрүшү мүмкүн болмок. Аскерий туткун деген макам алса, алар - жасаган кылмыштары үчүн жаза да тартпай калышы мүмкүн".

Азыр Гуантанамо базасында беш жүз элүүгө жакын адам бар, үч жылдан бери алардын үчөөнө каршы гана расми күнөө коюлду, суракка алуу учурунда алар кыйналгандыгы тууралуу маалыматтар болсо көп. Ал тууралуу жакында Федералдык тергөө бюросу чыгарган отчетто да айтылат.

"Хьюман райтс вотч" уюмунун аткаруучу деректири Кеннет Роттун айтымында, башка мамлекеттердеги адам укуктарынын абалы тууралуу тынчсыздануусун билдирген президент Жорж Буштун өкмөтү бул маселе боюнча өзүнүн саясатын кескин өзгөртүүгө тийиш: "Буштун администрациясы өз саясатына өзгөртүү киргизип, эч кандай кыйноолор же башка мыйзамсыз жана адамкерчиликке жатпаган аракеттер болбойт деп атайын билдириш керек. Администрация болсо андай талаптардын баарын четке кагып, эч кандай эрежелер бузулган жок деп айтууда".

Өткөн жылы Бириккен Улуттар Уюмунда Африкадагы Судан менен Беларустагы абал талкууланганда АКШ аларга каршы резолюция кабыл алууну сунуштаган, бирок эки өлкөнүн дипломаттары Гуантанамо менен "Абу-Грейб" абагындагы абалды мисал катары келтирип, Вашингтондун өзүн күнөөлөгөндөн кийин сунуштар өтпөй калган. Багдад алдындагы бул түрмөдө кармалгандар кыйналып-мазакталганы боюнча азыр АКШда сот жүрүп жатат. Чеченстандагы абал тууралуу дагы Америка өкмөтү катуу эч нерсе айта албай калды, анткени Москва дароо Гуантанамо менен "Абу-Грейб" мисалдарын келтирет.

Кеннет Роттун айтымында, андан улам, дүйнөдөгү адам укуктарынын абалын жакшыртуу ишине балта чабылууда: "Бул эки мисал тең адам укуктарын бузган мамлекеттерге актануу мүмкүнчүлүгүн берүүдө. Бирок андан да маанилүүсү - дүйнөнүн бардык аймактарында адам укуктарынын корголушун талап кылып келген Америка Кошмо Штаттарынын өзүнүн кадыр-баркы төмөн түшүүдө".

АКШ өкмөтү азыр Гуантанамо базасында эки атайын түрмө курууга киришти.

XS
SM
MD
LG