Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:38

ШАЙЛОО АТААНДАШТЫГЫ БАШТАЛДЫ, БЕРМЕТ АКАЕВА ОЙЛОНУП ЖАТАТ


Бекташ Шамшиев, Бишкек. Кыргыз гезиттеринде парламент шайлоо алдындагы саясий окуялар байма-бай чагылдырылууда. Саясий укугу басмырланган экс-элчилерди колдогон нааразылыктар чыгууда. Улуттук университеттин топ жаштарынын өтүнүчүнө жооп кылып президент А.Акаевдин кызы парламент шайлоого катышар-катышпасын жакын арада билдире турганын айтты.

Бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити «Жаштарга таяныч» деген аталышта макала жарыялады. Анда Баласагын атындагы улуттук университеттин топ жаштары президент А.Акаевдин кызын парламент депутаттыгына талапкерликке көрсөтүү тууралуу жыйын өткөрүшкөнү баяндалат.

«Бермет Акаева жакын арада так жообун бермей болду», деп маалымдайт «Слово Кыргызстана» гезити. Ушул эле тема бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезитинде да козголгон.

Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери ээлеп турган жерлер качантан бери сырт жер (экс-территория) болбой калган, деп суроо коет бейшембидеги «Трибуна» гезити.

«Желмогуздарды издөө башталды» деп жазат Р.Жанбалаев. «Атажурт» саясий кыймылынын жетекчилеринин бири Болот Шерниязовдун айдоочусуна карата жасалган иш тартип коргоо органдары деле оппозицияга каршы иштеп атканын президентке көрсөтүш амалында жасалган аракет. Тартип коргоо органдары азыр тартынбай калышкан, уурдаганын уурдап, сабаганын сабап өздөрүн ээн-жайкын сезип калышкан, деп белгилейт макала ээси.

«Шерниязов бийлик куйругун басып, балээге кабылды!» деп жазат апта соңундагы «Агым» гезитинде Асыран Айдаралиев. Автордун маалыматына ынансак, бул ирет кылмышкерлерди табуу милдетин депутаттар өздөрү алышмакчы.

Гезиттин жаңы санында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин окурмандар менен жүргүзүлгөн «түз байланышынын» тексти жарыяланган. БШК төрагасы эгер акыркы 5 жылда Кыргызстанда жашабаган болсо Бермет Акаева тууралуу деле тиешелүү чечим кабыл алынарын билдирген. Экс-элчилерди шайлоого катыштырбоо мыйзам чегинде болуп атат. Парламент депутаттары өздөрү мыйзамга өзгөртүү киргизип коюп, эл арасын да өздөрү ызы-чуу кылып атышат, дейт Сулайман Иманбаев.

Оппозиция элге өзүнүн оюн, пиикрин айтсын, мамлекетте болуп аткан кемчиликтерди айтсын, ар ким өзү билгениндей үгүт иштерин жүргүзсүн. Ал эми калыстыкты элге койсун. Акылы, эси бар, көпчүлүк туура чечип алат. Жаңылса 10-20 киши жаңылар, 33 миң киши жаңылбай да», дейт БШК төрагасы.

Жума күнкү «МСН» гезити «Бийлик урушка даярданууда» деген аталышта өкмөттүн жашыруун жыйынында айтылган сөздөрдүн баяндамасын жарыялады. Ага улай гезитте Рина Приживойттун «Кытай дос, доллардан соз» деген макаласына орун берилген. Анда кыйла күндөн бери улантылып келаткан Бишкектеги пикет жөнүндө баяндалат.

Ушул эле тема «Кыргыз руху» гезитинде да чагылдырылган. Аны макаланын автору Жазгүл Масалиевадан уксак.

- Массанын жарылуу маалы жетти го. Жетпесе да кең Мекен Кыргызстанды түбөлүк сени бийлеймин деп атасынан калган мураска айланткысы келген бийликтин коруна кошулбаган бийлик каршылаштары жеткирип ийиши мүмкүн.

Гезит автору Мелис Теңирбергенов азыркы бийликтин акылы кыска экен, «өз элине ок аттырган Аксы окуясын унутуп калган окшойт», деп жазат.

Бийлик кежигесин тырыштырып атып, тутанган жалынды «жалп» өчүрүүнүн ордуна, ого бетер май чачып жалбырттатып жиберишпеди беле», дейт жума күнкү «Аалам» гезитинде Элнура Кулуева.

Автордун ырасташынча, Кыргызстанда сот адилеттигине ишенүү аңкоолук. Айрым депутаттар мыйзамга тезинен өзгөртүү киргизип, экс-элчилердин укугун калыбына келтирүү аракетине киришти. «Ачуулуу президент бул мыйзамга кол коебу аны да айтуу кыйын», дейт Э.Кулуева.

«Бишкек таймс» гезитинин башкы редактор орунбасары Эмилбек Момуновдун маалымдашынча, жаңы паспорт эмнеликтен жараксыз болуп калышынын себебин окуй алышат. Ошондой эле Эл өкүлдөрү жыйынынын депутаттары кандай иштешкендиги тууралуу маалымдама жарыяланды. Мындан тышкары Түштүк-Чыгыш Азиядагы табигый кырсыктын алааматын башынан кечирген жердешибиз Акылбек Зулпиевдин маегине да орун берилген.
XS
SM
MD
LG