Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

ОРУСИЯ-КАЗАКСТАН: ЧЕЧИЛБЕГЕН МАСЕЛЕЛЕР КӨП.


Төрөкул Дооров, Москва. Орусиянын президенти Владимир Путин шаршемби күнү Казакстанда бир күндүк иш-сапары менен болуп кайтты. Путин өзүнүн казакстандык кесиптеши Нурсултан Назарбаев менен эки өлкө ортосундагы кызматташтык, эл-аралык проблемалар тууралуу сүйлөшөөрүн билдирген.

Бул орус президентинин жаңы жылдагы алгачкы чет өлкөгө сапары болду.

Журналисттер менен жолугушууда эки президент тең алдыда талкуулана турган темаларга токтолушту.

- Экономика жаатындагы кызматташтыктын алкагында, биринчи кезекте, отун-энергетика маселесине көңүл буралы деп турам. Андан сырткары, Орусия менен Казакстан ортосундагы кызматташтыктын баардык тармактарына: көгүлтүр газ менен мунай өндүрүү, электроэнергетикага кайрылабыз. Ал эми Каспий темасын жеке сүйлөшүүдө эле эмес, көп тараптуу жолугушуу учурунда да көтөрсөк дейм. Бул – КМШ, Бирдиктүү экономикалык мейкиндик жана Шанхай бешилтиги өңдүү эл аралык уюмдарынын иши, - деди Орус президенти Владимир Путин.

Ал эми Нурсултан Назарбаев да орус кесиптешинин сунушун колдоп,

- Сүйлөшүү учурунда энергетика проблемаларына, газ боюнча Оренбургдагы газды кайра иштетүү заводуна жана Каспий мунайын ташуу консорциумунун ишин кеңейтүү менен байланышкан суроолорду карап чыксак дейм. Анткени анын азыркы 27 млн.тонналык кубатуулугун келечекте жылына 67 млн. тоннага чейин жеткирүүгө болот. Бул Орусия үчүн да, Казакстан үчүн да пайдалуу иш, - деп белгиледи Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев.

Андан ары казак президенти Орусия менен Казакстан ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү өткөн жылы 47%га жогорулап, жалпысынан 7 млрд.долларды түзгөнүн, ал эми орусиялык «ЛУКОЙЛ» компаниясы Казакстандын экономикасына 2 млрд.долларлык салым кошконун айтты.

Ал эми Путин, өз кезегинде, Казакстан менен Орусия ортосундагы гуманитардык алакалардын жанданганын жогору баалап, буга акыркы эки жыл катары менен алгач Орусияда Казакстан жылы, кийин Казакстанда Орусия жылынын белгилениши да себеп болгонун билдирди.

Журналисттер менен жолугушууда Назарбаев да, Путин да Украинадагы окуялар тууралуу бир ооз сөз айтышкан жок. Казакстандык бир катар байкоочулардын баамында, бул тема сүйлөшүүлөрдө үстөмдүк кылган болуш керек. Мундай ойдо тургандардын бири – Казакстандагы Улуттук изилдөөлөр институтунун директору Бөрүкан Нурмухаммедов.

- Менимче, бул жолку сүйлөшүүдө негизги эки маселе каралды. Биринчиси төрт мамлекет ортосунда түзүлгөн Бирдиктүү экономикалык мейкиндик уюмунун иши Украинада жетекчиликтин алмашышы менен мындан ары кандай багытта өнүгөөрү тууралуу жүргөн болуш керек. Экинчиси Орусия менен Казакстан ортосундагы кызматташтыкка жана Грузиядагы, Украинадагы бийликтин алмашуусунан кийин алдыда шайлоолорго камынып жатышкан Кыргызстан менен Казакстанда бул өңдүү окуяларга жол бербөө аракеттерин талкуулоо болсо керек деп ойлойм, - деди Казакстандагы Улутук изилдөөлөр институтунун директору Бөрүкан Нурмухаммедов.

Ал эми казакстандык саясатчы Дос Көчүмдүн пикиринде, Украинадагы окуялар Казакстанга Орусия менен сүйлөшүүлөрдө өзүнүн кызыкчылыктарын ачык коргоого жол ачты десе да болот.

- Биринчиден, Путин да, Назарбаев да Украинадагы шайлоонун ырасмий жыйынтыктары чыкпай жатып, Януковичти жеңиши менен куттуктап коюуп, саясий ыңгайсыз акыбалда калышты. Орусия Украинаны өзүнө жакындатууга аракет кылганы менен мындан эч бир майнап чыкпады. Орусияга эң жакын мамлекетте Кремлдин ийгиликсиз бул аракеттери башка мамлекеттерге болгон саясатында да терең иштелген багыттын жоктугун айгинилейт. Ушундан улам, биздин президент (Н.Назарбаев – автор.) буга чейин айта албай жүргөн сөздөрүн эми ачык айта баштады, - дейт казакстандык саясатчы Дос Көчүм.

Сүйлөшүүлөрдөгү негизги темалардын бири чек-араны бөлүү маселеси болду. Бирок бул маселеге президенттер журналисттер алдында токтолууну туура көрүшкөн жок. «Анткен менен эки мамлекет ортосунда чечилбеген толгон-токой маселелердин негизгиси ушул» дейт казакстандык саясат изилдөөчү Камал Бурханов.

- Каспийден тартып тээ Алтайга чейин созулуп жаткан чек-ара проблемалары, экономикалык, саясий, этникалык чечилбей жаткан проблемалар бар. Ошондуктан, бул өтө татаал сүйлөшүүлөр болсо керек деп ойлойм, - деди саясат изилдөөчү Камал Бурханов.

Негизи, буга чейин Путин Казакстанга үч күнгө барып, анын аралыгында Чимбулак курортунда эс алаары айтылган. Бирок сапарга жакындаганда, Путин казак жергесине бир эле күнгө бараары маалымданды. Азырынча анын себептери айтыла элек. Орусиялык айрым аналитиктер орус жетекчилигинин бул чечимин өлкөнүн бир катар региондорунда пенсионерлердин жана социалдык жеңилдиктерге укуктуу адамдардын пикеттеринен улам болсо керек деп жатышат.

Маалым болгондой, алгач, 11-январда Москва областынын Химки шаарчасында пенсионерлер уюштурган митинг кийин Самарага, Иркустк жана башка шаарларга таркап, жандана баштаган. Алар орус өкмөтүнүн социалдык жеңилдиктерди жоюуп, анын оордуна акчалай жардам берүү чечимине каршы экендиктерин көрсөтүштү. Орус президенти Казакстанга дал ушул себептен улам эс алууга баруудан баш тарткандыгы айтылууда.

Маалым болгондой, 17-январда Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Москвага келиши күтүлөт.

XS
SM
MD
LG