Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:09

Кубат Оторбаев, Прага Кошмо Штаттарынын бийлиги мындан ары эми Ирактан кеңири кыргын салуучу өзөктүк куралдарды мурдагыдай чоң ынтаа менен издебей тургандыгын билдирди. 2003-жылдын жазында Иракка кол салууну президент Жорж Буш Саддам Хусейндин өзөктүк куралы бар деген негизде баштаган болчу. Быйыл 12-январда берген интервьюсунда Кошмо Штаттарынын президенти Иракта андай курал табылбаганына карабай согуштун ачылганы туура болгон деген пикирин дагы бир ирет кайталады. Анын айтымында Саддам Хусейн кулагандан кийин дүйнө мурдагыга караганда алдаганча коопсуз болуп калды.

Кошмо Штаттарынын Ирактан кеңири кыргын салуучу курал издеген адистери эми козголоңчуларга каршы күрөшкө кол кабыш кылып жатышат. Бул маалыматты Ак үй дагы бышыктады. "Вашингтон пост" газетасы шаршемби күндөгү номурунда Ирактан өзөктүк курал издеген топту башкарган башкы инспектор Чарльз Дулфер өз жумушун декабрдын аягында эле токтоткондугун жазып чыкты.

Өткөн жылдын сентябрында Чарльз Дулфер Конгресске Ирактан өзөктүк курал издөө иштеринин жыйынтыктары боюнча алгачкы отчетун берген болчу жана бийликтен кулатылган президент Саддам Хусейндин кеңири кыргын салуучу куралы табылбаганын айткан. Ал отчет дагы бир ирет каралып чыккандан кийин жакын арада жарыяланганы турат.

Ак үйдүн өкүлү Скотт Маккеллан өзөктүк курал табылбаганына карабай президент Буштун Иракка согуш ачуу боюнча кабыл алган чечими өзүн толук актады деп шаршембиде билдирди:

– Биз маалыматтарды бүгүнкүдөй эле абалда билген күндө да президент баары бир ошондой чечим кабыл алмак. Анткени бул – америкалыктарды коргоо болуп эсептелет, - деди Ак үйдүн өкүлү.

14-январда обого чыгуусу күтүлүп жаткан интервьюсунда Жорж Буш Иракка согуш ачканын дагы бир жолу актап, Саддам Хусейн кулатылгандан кийин дүйнө мурдагыга караганда алдаганча коопсуз болуп калды деп билдирди.

Иракта кеңири кыргын салуучу куралдын табылбаганы Вашингтондун бирден бир омоктуу жүйөөлөрүнүн бири кумдан курулган үй сыяктуу урап түшкөндүгүн билдирет. А Ирактагы согуш болсо Кошмо Штаттары жана дүйнө үчүн өтө кымбатка турду. Анткени кан күйгөн кармаштарда америкалык 1350 жоокердин, коалицияга кирген мамлекеттердин 150 аскеринин жана миңдеген ирактыктардын өмүрү кыйылды.

Гиом Парментие кеңсеси Кошмо Штаттарында жайгашкан Эларалык мамилелер институтунун француз борборунун директору. “Ак үйдүн минтип катасын мойнуна алып жатышы эми эч нерсени деле өзгөртпөйт” дейт ал:

– Эми эч кандай деле таасир болбойт. Анткени Американын Ирактан өзөктүк куралдарды тапкан жокпуз деп жатышы кырдаалды өзгөртпөйт. Себеп дегенде Кошмо Штаттары туура эмес маалыматтарга таянып согуш ачкан болчу.

Гиом Парментиенин айтымында атургай Европадагы айрым адамдардын да Иракта курал болбосо дагы аны жасоого камылгалар болушу ыктымал деген үмүтү бар болчу. “Бирок ал дагы Буштун согуш ачышына негиз болуп бере алмак эмес”, - дейт эксперт.

Ак үй антип өз катасын мойнуна алып жаткан чакта Польша менен Украина өз аскерлерин Ирактан чыгарып кетүү иштерин баштады. Гиом Парментиенин пикиринде чет элдик аскерлердин өлкөдөн чыгарылып кетиши Ирактын өзүнүн куралдуу күчтөрүн чыңдоого оң таасирин тийгизет. Бирок ошол эле убакта Украина сыяктуу демократия жолуна түшкөн мамлекеттердин күчтөрүнүн Ирактан кетип жатышы, экспертин ою боюнча, Кошмо Штаттары үчүн саясий жактан утулуш болуп эсептелет.

Американын эң жакын өнөктөшү Улуу Британияда да өкмөткө сын-пикирлер көп айтылып жатат. Премьер-министр Тони Блэр Иракка кошумча дагы 400 аскер жиберем деп, көпчүлүктүн каарына калды. Австралиянын оппозициялык күчтөрү дагы бейшембиде премьер-министр Жон Ховардды жалган маалыматтарга негизделип ачылган согушту колдогону үчүн сынга алышты.
XS
SM
MD
LG