Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:21

ПРЕЗИДЕНТ АСКАР АКАЕВ ЖАЛАЛАБАТТА ДА ОППОЗИЦИЯНЫ АЙЫПТАДЫ


14-январда президент Аскар Акаев Жалалабат облусунун коомчулугу менен жолугушту. Ал бул ирет да оппозицияны "сары тумоону" таратканы жатат деп айыптады. Мамлекет башчысы ошондой эле Шериктеш мамлекеттерди алсыратууга аракет кылып жатат деп эларалык уюмдарды, анан да Грузияда жана Украинада өткөн шайлоолорду сынга алды. Жолугушууга атайын тизмеге киргендер гана катышты. Жыйын өткөн облустук бийликтин имараты тарапка өткөрүлбөгөн тургундар шаардын борбордук көчөлөрүндө нааразылык акциясын уюштурушту.

Облустун Барпы атындагы кыргыз театрында болгон жолугушууда президент Аскар Акаев парламенттик-президенттик шайлоолорду адилет, тынч өткөрүүгө экс-элчилерди жактаган оппозиция тоскоолдук кылып жатат деди:

-Болбой эле Бишкек шаарыбызда борбордук аянтта оппозиция алачыгын ала чуркап, палаткаларын орнотуп, Украинадагыдай "сары ооруну" алып келип, сары бантиктерин тагынышып, пикет уюштуруп атышат.

Мамлекет башчысынын көз карашында эларалык уюмдар оппозицияны пайдаланып, Шериктеш мамлекеттерди алсыратууну көздөп жатат:

-Бир топ мамлекеттерде эларалык уюмдар бар. Биздин Шериктеш мамлекеттердин ичинде элди бөлүп-жарып, экономикасын алсыратып, митинг, пикет, жүрүштөрдү уюштуруп, анан көз каранды кылып алыш максатында оппозицияны пайдаланып жатышат. Бишкекти карабайсыңарбы, сары түстү алып чыгышты. Грузияда «розовый», Украинада «оранжевый» болду эле, биз болсо «желтый» болобуз деп чыгышыптыр. Менимче, биз мындай "сары оорунун" таралышына жол бербейбиз, туурабы?!..

Президент А.Акаевдин мындай оюн кеңешмеге катышкан айрым чиновниктер дароо колдоп, сөз сүйлөштү. Атургай Аскар Акаевди президент катары бийликте дагы калып, дагы көп жыл мамлекетти башкарып бериңиз дегендер болду.

Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акимдин орунбасары Сагын Нурматованын көз карашында шайлоонун адилеттиги деген кеп нааразылык акциялары дегенди түшүндүрбөйт:

-Пикет, кыйкырык менен эч качан эч кимди жеңген эмеспиз. Пикет, кыйкырык деген терс көрүнүш, коом үчүн, биздин мамлекет үчүн, мусулмандык парзда да, теңирдин буйругунда дагы пикет, кыйкырык менен маселе чечилбейт. Ынтымактын негизинде гана иш кылалы деп аракеттенип атабыз,-деди Сагын Нурматова.

Президент катышкан жыйын өтүп жаткан убакта айрым саясий партиялардын өкүлдөрү пикет өткөрүүгө аракет кылышты. Бирок аларга эл да кошулуп кетти. Мамлекет башчысына арыздангысы келген Анаркан Багышова милиция кызматкерлеринин мамилесине капа болду:

-Биз бул жерде Аскар Акаевге арыз-муңубузду айталы деп турабыз. Ага кайрылалы деп аракет кылсак милиционерлер бизди уруп, токмоктоп, өткөрбөй койду. Бир балабызды жулмалап, колубуздагы плакаттарыбызды жулуп алышты. Бизге алардын кол көтөрүшкө акысы жок да.

«ЭрК» партиясынын облустагы координатору Медер Үсөнов "оппозиция президент сындагандай мыйзам бузууларга барган жок, ал мыйзам чегинде иш жасап жатат" дейт:

-Канчалаган адамдар проблемасын айталы деп келди эле. Милиция аларды Акаевге жакын жолоткон жок. Акаев өзү "жоогазын революция" дегенде гана биз Акаевдин айткан сөзү менен кызыл желектерди көтөрүп чыктык. Эгер Акаев өзү конституцияны буза турган болсо, революция ошондо болот.

Медер Үсөновду милиция кызматкерлери кармап, анан кайра кое беришти.

Пикетке чыккандар 15-январда митинг өткөрүүнү көздөшүүдө.

Ырысбай Абдыраимов, Жалалабат

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG