Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:31

14-январда өлкөнүн президенти Аскар Акаев Жалалабад облусунда болду.


ЖАЛАЛАБАД. Президент Аскар Акаев адегенде Сузак районундагы эки жарым миллион долларлык инвестиция жумшалып, күнүнө 150 тонна пахта майын өндүрүүчү «Домата» ишканасынын жумушчу сектору менен таанышты. Андан кийин курулушу 1986-жылы башталып, былтыр бүткөн Жалалабад шаарындагы 21-орто мектептин кызыл тасмасын кесип, бир класс кабинетти компьютерлер менен жабдууга убада берди. Облустун коомчулугу менен жолугушууда былтыр өлкөнүн экономикасы 7 пайызга, экспорт 30 пайызга өсүп, кедейлик 21 пайызга кыскаргандыктан Эл аралык валюта корунун Кыргызстан боюнча миссиясынын башчысы Татио Саавалайнендин өлкөнүн Европа кеңешине кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар деген пикирин келтирди. Парламенттик, президенттик шайлоону адилет, калыс өткөрүүгө бардык шарттар жетиштүү экендигин маалымдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG