Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:29

Бишкекте бир нече пикет болду


БИШКЕК. 14-январда экс-тышкы иштер министри Роза Отунбаеванын 20га жакын жактоочусу менен аны коргоо комитетинин мүчөлөрү Жогорку Кеңештин имаратынын алдына пикетке чыгышты. Алар күндөгүдөй эле эртең мененки саат ондон түшкү бирге чейин туруп, тарашты. Бул күнү Коргоо министрлигинин кызматкери Болот Казакбаевдин аялы Гүлнара Абдымомунова төрт баласы менен Ак үйдүн алдына пикетке чыкты. Ал Коргоо министри Эсен Топоевдин кызматтан кетүүсүн жана өкмөт үй берүүсүн талап кылды. Райондук бийликтин уруксааты менен пикетке чыккан Гүлнара Абдымомунованын айтымында, күйөөсү Болот Казакбаев куралдуу күчтөрдө 30 жылдан бери иштеген менен кызматтык үй ала элек жана министрлик жетекчисинин иштен негизсиз бошотушунан улам 4 жыл ишсиз жүрүп, Жогорку Соттун чечими менен кызматына кайра келген. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы бул окуя тууралуу эч кандай маалымат бере албасын билдирди. Ушул эле күнү «Рентонгрупп» компаниясына акчасын алдаткан атуулдар да М.Горькийдин эстелиги турган аянтта митинг өткөрүшүп, акчасын кайтарып берүүнү өкмөттөн талап кылышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG