Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Бириккен Улуттардын айтымында, бир нече террор аракетинин алды алынды.


Бириккен Улуттардын коопсуздук кызматынын башчысы Дэвид Венесс кечээ күнү Нью-Йорк шаарында журналисттер менен жолугуп, 2001-жылдын 11-сентябрынан кийин эл аралык коомчулук бир нече ири террор аракеттеринин алдын алып, аларды болтурган жок деп билдирди: "Менин кесиптештерим Европа жана Түндүк Американын тиги же бул жеринде террордук аракет аз жерден ишке ашкан жок деп билдиргенде, мен алардын айткандарын колдойм". Бирок андай аракеттер кайсы жерде пландаштырылганын Венесс тактаган жок. Венесс Бириккен Улуттардын коопсуздук кызматынын башчысы болуп жакында дайындалды жана кызматы боюнча баш катчынын орун басары болуп эсептелинет.

XS
SM
MD
LG