Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:17

ПРЕЗИДЕНТТИН ТУН КЫЗЫ ДЕПУТАТТЫККА ТАЛАПКЕР БОЛУШУНА БИР КАДАМ КАЛДЫ


Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин тун кызы Берметтин Жогорку Кеңештин депутаты болуусун каалаган 5 миң студент колун топтоп, аны 12-январда Берметке тапшырышты. Бермет Акаева бул сунушка ыраазы болгонун билдирди, бирок азырынча талапкер болууга өз макулдугун бере элек. Бул окуя коомдо карама-каршы пикир жаратып, айрым бейөкмөт уюмдар кол топтоо аракетин Шайлоо Кодексининин талаптарын бузуу деп баалашты.

Президенттин тун кызы Берметтин депутат болушун каалаган жаштардын кол топтоп, аны өзүнө тапшырууга арналган жолугушуусун Кыргызстандагы бардык массалык маалымат каражаттары жазып, угузуп, көрсөтүштү.

Ушундан уламбы, Бермет Акаевга айтылган сунушка карата коомдо дароо ар кыл көз караш, пикир жаралды. Айрымдары бул шайлоо алдындагы мөөнөтүнөн мурда жүргүзүлгөн үгүт иши дешсе, айрымдары, президент өзү айткандай, кызы чоң саясатка аралашууга жарап калган экен деп баалашты.

Бирок, кол топтоо аракети мыйзамга каршы көрүнүш деп, ага нааразы болгон тараптар да жок эмес. Алардын бири «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму Борбордук Шайлоо комиссиясына окуяга байланыштуу атайын кат жолдоду. Анда студенттердин бул аракети Шайлоо Кодексининин өзгөчө бөлүгүндөгү 72-беренени, 31-беренесининин 1-пунктун жана атуулдардын шайлоо укугун бузуу жана эмгек жамааттарына кысым жасоо фактысы деп билдирип, аны токтотууну талап кылды.

Уюмдун төрайымы Төлөкан Исмаилованын айтымында, бул жерде Борбордук Шайлоо комиссиясы бийликти жактаган жана ага каршы көз карашы бар талапкерлерге бирдей мамиле жасабай, мыйзамдан тыш аракеттерге көз жумду мамиле жасап жатат:

- Борбордук Шайлоо комиссиясы эки жүздүү саясат жүргүзүп, ар бир талапкерге бирдей мүмкүнчүлүк берилет деген принципке көз жуумп, бир гана «үй-бүлө» же өкмөткө жаккан талапкерлерди жактаган көз карашта турат. Муну менен ал көз карандысыз талапкерлердин конституциялык укуктарын түздөн-түз бузуп жатат.

Төлөкан Исмаилованын айтымында, уюмдун талабына БШК оң жооп бербесе, уюм окуяга карата коомчулуктун пикирин топтоп туруп сотко чейин кайрылат.

Ал эми Борбордук Шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Нина Мухина колдоочулардын колун топтоодо эч кандай мыйзам бузуу жок деп билдирди:

- Мыйзам боюнча талапкер болууга эч кандай колдун кереги жок. Жаштардын мындай аракети эч кандай мыйзамга карама-каршы келбейт жана топтолгон колдор Борбордук Шайлоо комиссиясына тапшырылбайт.

Алдыдагы парламенттик шайлоого даярдыктын жүрүшү менен талапкерлердин укуктарынын сакталышына 120дай узак мөөнөттүү байкоочусу көз салып жаткан бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун баамында, эмгек жамаатына, тактап айтканда, бул жерде студенттерге кысым жасалды деген билдирүүгө негиз бар. Бирок, колдоочулардын кол топтошу жана президенттин кызы болгону үчүн гана Бермет Акаеванын катардагы атуул катары талапкер болуу укугун чектөө жарабайт:

- Мындай мыйзам бузуулар болсо да талапкерлердин каттоосун жокко чыгаруу же алардын талапкер болуп катталуусуна бөгөт коюуну биз колдобойбуз. Анткени, эң негизги принцип - шайлоого баары катышышы керек жана алардын депутат болуусун шайлоочу өз добушу менен чечиши керек.

Бермет Акаева депутаттыкка барат экен деген имиш пайда болгондон бери аны талапкерликке «Алга,Кыргызстан» партиясы көрсөтөт экен деген сөз жүргөн. Бирок, партия кезексиз курултайында аны талапкерликке көрсөтпөй, партияга президенттин кызынын эч кандай тиешеси жок экендигин партиянын Борбордук Кеңешинин төрагасы Рустам Нурматов расмий түрдө билдирген.

Коомдо андан тышкары Бермет Акаева Кыргызстанда акыркы беш жылда жашаган жок, демек, Шайлоо Кодексининин экс-элчилердин талапкер болуусуна тоскоолдук кылган 69-беренесинин талабына ылайык ал дагы талапкер болуп каттала албайт деген маалымат бар.

Бирок, Бермет Акаева ушул аптада студент жаштар менен жолугушуудан кийин:

- Мен Кыргызстандын аймагында жашаганыма беш жылдан ашты. Мен өлкөгө 1999-жылдын аягында көчүп келгем, - деп андай имиштерди жокко чыгарды.
XS
SM
MD
LG