Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:23

ТИТАНДЫН БЕТИНДЕ МУЗ МЕНЕН СУЮК ЗАТТАР БАР


Нарын АЙЫП, Прага 14-январда Сатурн планетасынын Титан деп аталган айынын бетине Жерден учурулган аппарат конду жана ал жиберген алгачкы маалыматтар Европалык космос агенттигине келип түштү. Бул окуя америкалык жана европалык окумуштуулардын зор жетишкендиги катары бааланууда.

Европалык космос агенттигинде жасалган "Бигл-2" деген аппарат мындан бир жыл мурда Марс планетасынын бетине кондурулган, бирок Жерге эч маалымат бере алган эмес. Ошондуктан Сатурнга мындан жети жыл мурда жөнөтүлгөн "Кассини" аттуу космос кемесинен бөлүнүп чыгып, Сатурнду айланган Титан аттуу айдын бетине аппарат конуп, Жерге маалымат жибергени - зор жетишкендик. Буга чейин адам колу менен жасалган бир да нерсе мынчалык алыстагы планетага же айга конгон эмес.

Атактуу "шакегинен" тышкары Сатурндун дагы 17 айы бар, Титан алардын эң чоңдорунун бири. Титан менен Сатурн ортосундагы аралык бир миллион 222 миң чакырым. Сатурн өзү Жерден 770 эсе чоң, Титан болсо Жерден анча-мынча эле кичирээк. 1997-жылдын октябрында Жерден Сатурнга учурулган америкалык "Кассини" аттуу кеме ага былтыр жетип, бир нече миллион чакырым алыстыкта айлана баштаган. "Кассини" менен кошо Европалык агенттикте жасалган "Гюйгенс" деген аппарат учурулган жана ал космос кемесинен 25-декабрда бөлүнүп, Титанды көздөй бет алган.

Жыйырма күндүн ичинде "Гюйгенс" төрт миллион чакырым жолду басып өтүп, 14-январда Титандын атмосферасына кирди жана ылдый түшүп бараткан кезинде жерге алгачкы эки сүрөт жиберди.

Он алты жана сегиз чакырым бийиктиктен сүрөткө тартылган Титандын бетинде музга окшош тоолор жана алардан аккан сыяктуу суюктуктар көрүнөт. Окумуштуулардын айтымында, ал - суюк түрдөгү метан болушу мүмкүн.

Ошол эле күнү кечинде "Гюйгенс" Титандын бетине парашют менен конду жана Жерге дагы үч жүз элүүгө жакын сүрөт жиберди, алардын баары - "Гюйгенс" үчүн атайын фотокамера жасап берген америкалык "Лунар" аттуу изилдөө борборунун менчиги. Аппарат өзү болсо - Титанды 1655-жылы ачкан голландиялык окумуштуу Кристиан Гюйгенстин атынан аталган.

"Кассини-Гюйгенс" долбоорун Европалык космос агенттиги менен кошо америкалык жана италиялык окумуштуулар ишке ашырды, анын жалпы баасы үч миллиард доллар. Алманиянын Дармштадт шаарында жайгашкан Европалык космос агенттигинин бөлүм башчысы Герхард Швемдин айтымында, долбоордун мааниси өтө зор:

- Биз үчүн Титанды изилдөө өтө маанилүү, Күн системасынын ичинде ал - калың атмосферасы бар жалгыз ай. Анын атмосферасы Жердикинен да калың жана ал - Жер атмосферасынын мындан төрт миллиард жыл мурдагы абалына окшош, ал кезде Жерде тиричилик жаңыдан пайда боло баштаган.

Ошондуктан, Жердеги тиричилик кантип жана кандай шартта жаралганы тууралуу эми жаңы маалыматтар пайда болушу мүмкүн. "Гюйгенс" Титандын бетине конгондон кийин тартылган сүрөттөргө караганда, анда бир топ бийик дөңдөр менен муз тоолор көрүнөт жана анын бетине келип түшкөн метеориттер менен астероиддердин издери да бар, бирок алардын саны Жердин Айы же Марстын бетиндегиден алда канча аз.

Титандын атмосферасы, Сатурндукундай эле, негизинен азот менен метандан турат, температура болсо минус 180 градус.

"Гюйгенстин" батареялары конгондон кийин дагы бир нече саат гана иштеди, ал эми "Кассини" кемеси Сатурнду дагы үч жыл айланат.
XS
SM
MD
LG