Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:59

«Жаңы күч» партиясы парламенттик шайлоого эки талапкер көрсөттү


БИШКЕК.15-январда Бишкекте Ыссыккөл обласынын губернатору Токон Шайлиева жетектеген «Жаңы күч» партиясынын 7-курултайы өткөрүлдү. Ага Кыргызстандын жер жерлеринен чакырылган 79 делегат катышты. Курултайда партиянын буга чейинки жасаган иштери боюнча төраганын отчету, келээрки парламенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жана партиянын келечектеги иш планын талкуулап бекитүү сыяктуу үч маселе каралды. «Жаңы күч» партиясы парламенттик шайлоого Бишкектен бир, Ыссыкөлдөн бир талапкер көрсөттү. Курултайдын соңунда партиянын кыргыз элине кайрылуусу кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG