Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:00

«Арнамыс» партиясы парламенттик шайлоого сегиз талапкер көрсөттү


БИШКЕК. 15-январда Бишкекте оппозициячыл маанайдагы «Арнамыс» партиясынын төртүнчү курултайы өткөрүлдү. Курултайда келээрки парламенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү маселеси талкууланды. Жыйынга Кыргызстандын областарынан чакырылган 70 делегат толугу менен катышты. Парламенттик шайлоого «Арнамыс» партиясы тарабынан 8 талапкер көрсөтүлдү.
«Арнамыс» партиясы учурда абакта жаткан саясатчы Феликс Кулов тарабынан
1999-жылы уюштурулган. Феликс Кулов 1990-жылдан баштап Ички иштер министри, вице - президент, Улуттук коопсуздук министри Чүй обласынын губернатору жана Бишкек шаарынын мэри болуп иштеген. 2000-жылы Кулов «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды» деген айып менен камакка алынып көп өтпөй он жылга эркинен ажыратылган. Аткаруу бийлик өкүлдөрү Феликс Кулов мамлекеттик кызматтарда иштеп турганда ири коррупциялык аракеттери үчүн камалгандыгын айтып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG