Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

КОНСУЛ А.БЕШИМОВ: «ТЫШКЫ ПАСПОРТ» АРКЫЛУУ ДА БИЗНЕС КЫЛГАНДАР КӨП».


Төрөкул Дооров, Москва. Азырга чейин жалпысынан Орусиянын ар кайсыл аймактарында иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардын так саны аныктала элек. Мындан эки жыл мурда ал мезгилде Орусиянын Ички иштер министрлигин жетектеген Борис Грызлов кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны жарым миллионго жетет деген эле. Миграция жаатында иштеген адистердин айтымында, бул көрсөткүч акыркы мезгилдерде бир кыйла өзгөрүп, мигранттардын саны көбөйгөн болушу да мүмкүн.

2005-жылдан тарта Орусияга кирүүдө КМШ мамлекеттеринин ичинде буга чейин визасыз катнашта турган мамлекеттер ортосунда эми чет өлкөгө чыгууга уруксат берүүчү паспорту менен гана катташуу зарыл болуп калды. Орусиядагы кыргызстандык консул Аскар Бешимовдун айтымында азырынча бул эреже толугу менен күчүнө кире элек.

«Азаттык»: - Аскар мырза, 2005-жылдан баштап, Орусияда чет өлкөнүн атуулдарынын өлкөгө кирүүсүндө киргизилип жаткан өзгөрүүлөр тууралуу түшүндүрмө берип кетсеңиз.

- Негизи, мурда визасыз катнашта турган КМШ мамлекеттери арасында эми тышкы паспорт менен гана киргизүү керек деген талапты Орусия биринчи болуп сунуш этти. Бул, бир четинен, Орусиядагы террордук актылардын айынан коопсуздук чараларын күчөтүү аракеттери менен да байланыштуу. 2000-жылы Минск шаарында ЕврАзЭс (Евроазиялык экономикалык мейкиндик – автор.) уюмуна мүчө мамлекеттердин жыйынында атайын келишимге кол коюлуп, анда кайсыл документтердин негизинде ич-ара өлкөлөргө кирүүгө боло тургандыгы айтылган эле. Алардын ичинен эми бир канча документтер кыскартылып, азыр дипломатиялык иштер үчүн берилүүчү паспорт, кызмат өтөө үчүн берилүүчү документ жана чет өлкөгө чыгууга уруксат берүүчү паспорт гана калды.

«Азаттык»: - Москвадагы кыргызстандык мигранттар арасында «тезирээк чет өлкөгө чыгуу үчүн берилүүчү паспортту даярдоо керек экен» деген шашылыш суроолор көтөрүлө баштады. Алар бул паспортту алуу үчүн кимге кайрылуулары керек? Канча төлөө керек? Кайсыл документтер талап кылынат деген өңдүү суроолорду берип жатышат. Аларга сиздин жообуңуз?…

- Ал жөнүндө орусиялык гезиттерде да, сыналгы аркылуу да айтылган. Биз да Москвадагы кыргыз диаспорасынын «Биримдик» гезитинде жарыя кылганбыз. Эгерде кимде-ким бул жерде чет өлкөгө чыгууга уруксат берүүчү паспорт алышым керек десе, бизге кайрылышы керек. Эки сүрөт, арыз, өзүнүн паспорту жана 30$ ( отуз АКШ доллары) менен бизге кайрылса, бир, ашып кетсе эки күндө туурулап беребиз.

«Азаттык»: - Аскар мырза, акыркы мезгилдерде сиздерге тышкы паспорт алайын деп келип жаткандардын арасында ортодо алып-сатарлык иш кылгандар көбөйүп жатат деген сөздөр, имиштер пайда болду. Андай иш менен машыккандар чын эле барбы, эгерде болсо, аларга каршы кандай чаралар көрүлөт?

- Чынында, андай фактылар бар, биз аны жашырбайбыз. Эл деген эл. Элдин арасында ушул окуялардан да иштеп калайын дегендер бар. Бизге кайрылгандардын көбү - курулуш фирмаларда мыйзамсыз иштеп жүргөндөр. Алар бизге баары келүүгө мүмкүнчүлүгү жоктугун (анткени жолдо милиция кызматкерлери кармап алышы да мүмкүн), ошондуктан бир өкүлүн жиберишээрин суранышат. Ошондуктан, биз да алардын абалын түшүнүп, алардын өкүлдөрүн кабыл алабыз. Бирок документтер берилген учурда баары бир ар бир адам өзү гана келип алып кете алат. Бул – биздин эреже.

«Азаттык»: - Өткөн жылда орусиялык кыргызстандык мигранттардын турмушунда кандай окуялар, өзгөрүүлөр болду?

- Жалпысынан ири өзгөрүүлөр деле болгон жок. Эл дагы эле Москвага агылып келип жатат. Эми Москва чындап эле «мигранттардын чордону» болуп калбадыбы… Болгону мурдагы жылдарга караганда мыйзамсыз иштеп жүргөндөрдүн проблемалары дагы көбөйдү десем болот. Мунун баары документтердин начар толтурулгандыгында, талапка жооп бербегендигинде. Анын үстүнө Орусияда акыркы мезгилдерде болуп жаткан жардыруулардын айынан да орусиялык укук коргоо органдары өздөрүнүн талаптарын катуу коюп жатышат.

«Азаттык»: - Эми бул жылда сиздердин алдыңыздарда кандай милдеттер, иштер, а балким, максаттар турат?

- Биз бул жылы да Орусиядагы мекендештерибиздин абалын жакшыртуу аракетин дагы да күчөтүп, ушул убакытка чейин иштелбей, күчүнө кирбей келген келишимдерди, мигранттардын укуктук абалына тиешелүү суроолорду чечкенге аракет кылабыз. 2005-жылы буга чейин көрүлүп келген бүт аракеттерибизди топтоп, орус тарап менен бир келишим кабыл ала алабыз го деген ишеним бар.

Мында Аскар Бешимов 2003-жылы сентябрь айында Москвада Кыргызстан менен Орусия ортосунда кабыл алынган келишим тууралуу сүйлөдү. Аталган келишим кыргызстандык эмгек мигранттарына Орусиянын аймагында иштөөгө бир топ жеңилдиктерди бериши керек эле. Бирок ал келишим азырга чейин Орусиянын мамлекеттик думасы тарабынан жактырыла элек.

XS
SM
MD
LG