Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Тажикстандын улуттук дүң өндүрүшү былтыр 10 жарым проценттен ашты


ДУШАНБЕ. Тажикстандын экономика жана соода министри Хаким Солиев өлкөнүн улуттук дүң өндүрүшүнүн өсүшү былтыр он жарым проценттен ашканын жана жалпы эсеп менен 2 миллиард долларды түзгөндүгүн билдирди. Министр былтыр өлкөнүн соода дефицити 460 миллион доллар түзгөндүгүн белгилеп, экспортко продукция өндүргөн тармактардын өсүшүн камсыз кылуу керек экенине басым жасады. Солиев Россиянын тажик экономикасына жасап жаткан инвестицияларына жогору баа берди. Ошону менен катар эле ал айыл чарба секторундагы кыйынчылыктарга токтолуп, азыркы финансылык проблемалдардан улам дыйкандар каалаган натыйжаларга жетпей атканын айтты.

XS
SM
MD
LG