Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Казак-өзбек чек арасында болгон кагылышууда бир өзбек жараны окко учуп, бирөө жарадар болду


АСТАНА. Казакстандын тышкы иштер министрлиги бүгүн казак- өзбек чек арасында болгон кагылышта казакстандык чек арачылар Өзбекстандын бир жаранын өлтүрүп, дагы бирөөнү жарадар кылышканын билдирди. Министрликтин билдирүүсүндө чек арадан контрабанда товарларын алып өтүүгө аракеттенген өзбек жарандары чек арачыларга биринчи болуп кол салганы, аларга бир нече жолу эскертүү жасалган соң гана ок атылганы айтылат. Окуя болгон Сарыагаш районунун акими Исак Оспанов Азаттыкка булдарды баяндады:
Өзбекстандын 2 жараны бул жакка өтүүгө аракеттенген. Аларды биздин чек арачылар өткөрбөйбүз, деп жолун торогон, анткени алардын кандайдыр товарлары болгон шекилдүү. Ошондон кагылыш болгон. Азыр биздин эки чек арачыбыз ооруканада жатат ,- деди Оспанов.

Ал эми Өзбекстандын коопсуздук кызматы курман болгон өзбек жараны казак чек арачыларынын ур-токмогуна түшкөн кошунасына болушам, деп ок жегенин айтат. Казакстан менен Өзбекстан окуяны биргелешип иликтөөгө макулдашты.

XS
SM
MD
LG