Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Экс-элчи Мамбетжунус Абыловду коргоо комитети түзүлдү


БИШКЕК. Экс-элчи жана «Атажурт» саясий кыймылынын төрайымы Роза Отунбаеваны коргоо боюнча коомдук комитеттин өкүлдөрү жекшемби күнү нааразылык акциясын улантышты. Ага катышып жаткан «Ашар» коомунун өкүлдөрү бул күнү Кыргыз мамлекеттик телерадиокорпорациясынын президенти Сыртбай Мусаевге ачык кат жолдошту. Анда «ашарчылар», пикетчилер акцияга чыкканы үчүн акча алып жатышат деген өңдүү экрандагы жалган жалааларды токтотууну талап кылышкан.
Жогорку Кеңештин имараты жайгашкан аянтта пикетчилер 7-январдан бери турушат. Аларга бул күнү экс-элчи Мамбетжунус Абыловдун тарапкерлери да кошулушту. Алардын маалыматына караганда, жекшембиде экс-элчини коргоо комитети түзүлдү. Мамбетжунус Абыловдун депутаттыкка талапкер катары каттоо тууралуу арызын Каракөл-Ташкөмүр округдук шайлоо комиссиясы мындан эки күн мурда карап, бирок, канагаттандырган эмес.

XS
SM
MD
LG