Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:09

САЯСИЙ КЫЗЫКЧЫЛЫК САДАГАСЫНА ЧАБЫЛГАН МЫЙЗАМ


Бекташ Шамшиев, Бишкек. Кыргызстандын Башмыйзамы боюнча соңку беш жыл ичинде өлкө ичинде жашаган атуул гана парламент депутаттыгына шайланууга укуктуу. Шайлоо кодекси аны кыйла конкреттештирип, жыл сайын алты айга чейин иш сапар менен чет өлкөгө барып келүү Башмыйзам талабына кайчы келбесин ырастаган. Мурдагы элчилерди шайлоого катыштырбай коюу барып-келип эле мыйзам талабына такалды.

Чет өлкөлөрдөгү элчиликтер жайгашкан жер Кыргызстандын сырт аймагы (экс-территория) деп эсептелери элдин баарына дайын. Ошондон парламент шайлоонун камылгасы баштала электе Борбордук шайлоо комиссия төрагасынын мурдагы элчилер депутаттыкка талапкер боло албайт, деген сөзүн Конституциялык сот жеке адамдын пикири катары сыпаттаган. Анткен менен жеке адам пикири чынга чыгып мурдагы элчилердин бирөө да депутаттыкка талапкер катары катталган жок.

Сот аркылуу адилеттикке жетүүнүн кыйындыгын сезген экс-элчилердин айрымдары ордуна балдарын каттатып, саясий тажрыйбасын жаңы муунга жайылтуу аракетине киришти. Кыргызстандын эларалык аброюн төмөндөтчү кысталыш жагдайдан чыгуу амалында ушу тапта Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу жаңы мыйзам долбоору даярдалып, ал Мыйзам чыгаруу жыйынында талкууга алынганы турат.

Шайлоо камылгасы менен жүрүшкөн депутаттарды Бишкекке келтирүү, кворум чогултуу түйшүгүн айтпаган күндө да, непадам жаңы мыйзам кабылданып калса ага маалкатпай президенттин кол коюп ийиши деле күмөн.

Борбордук шайлоо комиссиясы мурдагы элчилерди шайлоого катыштырбоо амалы парламент депутаттарынын иши болчу, талаш маселени өздөрү чечишсин позициясын карманууда. Парламент депутаты Өмүрбек Текебаевдин ырасташынча, конституциялык беш жылдык туруктуу жашоо талабы элчилерге, дипломаттарга тиешелүү эмес.

- Бул норманын дипломаттарга зарылчылыгы жок. Дипломаттардын статусу өзгөчө. Ал эларалык укуктук нормалар менен аныкталат. Сулайман Иманбаев алардын статусу эларалык келишимдер, эларалык конвенциялар менен аныкталган өзгөчө статус деп жарыялаган. Элчилер мурда деле шайланып келбеди беле. Чыңгыз Айтматов жана башка депутаттар мурда эле шайланып келишпеди беле.

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов мурдагы элчилерди шайлоого катыштырбай коюу саясий оюн деп эсептейт.

- Булар бизден чочуп отурушат. Себеп дегенде, калыптанып калган оппозицияга башы элге көрүнүп калган, ички-тышкы саясатты билип калган адамдар келип катышып анан бийликке каршы сөз күчөп кетет го деген ой менен бизди киргизбей атат. Ошондуктан бул саясий оюн деп эле ойлойм. Мына, Жогорку Кеңеш кайтып карайлы деген демилгени көтөрдү. Биз да ошондой өтүнүч менен кайрылдык. Бирок, мен алардын кабыл аларына көзүм жетпейт.

Кыргызстандын толук ыйгарым укуктуу элчиси Ишенбай Абдуразаковдун ырасташынча, коомчулукту түйшөлткөн маселе укуктук негизде чечилиш керек.

- Укуктук алкакта чечилиши керек. Бу эл деген суверен. Эл өз амири менен өкмөттү, режимди түзөт. Илгерки кытай философторунун айтып кеткени бар. Эгерде бийлик элдин мүдөөсүнө туура келбесе, элге каршы саясат кылса, элдин бакубат турмушуна карабаса, элди жакырчылыкка алып келсе, анда эл андай бийликти өзгөртүүгө укугу бар деген тезисти айтышкан.

Парламент шайлоо алдында Кыргызстанда саясий тирешүү күчөп баратат.

- Эл тажап бүттү. Кеп президенттин жакшы-жаманында деле эмес. Анын конституциялык мөөнөтү бүткөн-бүтпөгөнүндө деле эмес. Эл бүгүнкү жашоодон тажап, система өзү чирип баратат. Ар ким өзү: дыйканың болобу, студентиң болобу, ишкериң болобу, баары бүгүнкү алкакты жарып чыгып, жаңыча жашоону каалап калды. Ошону бийлик да, оппозиция да түшүнүп ушу кырдын учунда турган Кыргызстанды андан ары алыс түртүп ийбесе деген гана тилек,- деп айтты «Агым» гезитинин ээси Мелис Эшимканов.
XS
SM
MD
LG