Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Акаев Ганси авиабазасына барат


17- январда президент Аскар Акаев Кыргызстанда жайгашкан америкалык Ганси аскерий авиабазасына барууну пландап жатат.
Президенттин маалымат кызматынын кабарлаганына караганда Аскар Акаев америкалык аба аскерий базасынын учурдагы жагдайы менен таанышат. Кыргызстан АКШ башында турган антитеррордук коалициялык күчтөрдүн Кыргызстанга убактылуу жайгашуусуна 2002-жылы уруксат берген. Бирок, бул базанын качан мекенине кайтаары жөнүндө тараптардан бири да сөз козгой элек. Бул аралыкта Кыргызстан Кантка Орусия аба аскерий базасын да жайгаштырды. Эл аралык коомчулук муну тең салмактуу чечим катары баалап келатат. Президент Акаев болсо бул эки базаны Кыргызстандын бейкуттугунун кепили катары санайт.
Маселен, президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев буга байланыштуу:
- Бул эки авиабаза бир гана максат менен турат. Бул – Кыргызстанда жана Борбор Азияда коопсуздукту жакшы деңгээлге чыгаруу максаты болууда.
Жакында Нью-Йоркто болгон учурунда Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов Кыргызстанда эки базанын аскерлери ынтымакташып жашап жатышканын билдирди. Булардан айырмаланып Өзбекстандын президенти Ислам Каримов «Независимая газетасына» берген интервьюсунда региондогу эки тараптуу аскерий үстөмдүккө караманча каршы экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG