Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:19

Кытай компартиясынын мурдагы жетекчиси эс-учун жоготкон абалда ооруканага жаткырылган


85 жаштагы Чжао Цзыян эс - учун жоготкон абалда ооруканага жаткырылганын анын үй –бүлөсү берген маалыматтарга таянып, укук коргоочулар билдиришти. Чжао Цзыян акыркы 15 жылдан бери үй камагында болуучу. Ал бийликтен 1989- жылы Тяньаньмэнь аянтындагы студенттик демонстрацияны күч менен басуу жөнүндөгү чечимди колдобогону үчүн четтетилген. Демонстранттарды күч менен таратуу учурунда жүздөгөн адамдар мерт болгон. Кытай компартиясынын башкатчылык кызматында Чжао Цзыянды Цзянь Цземинь алмаштырган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG