Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:03

Палестинаны Боштондукка чыгаруу уюму согушкерлерди тынчтыкка чакырды


Уюмдун аткаруу комитети палестин согушкерлерин израилдиктерге каршы кол салууларды токтотууга үндөдү. Кайрылууда кол салуулар Изралдин катаал чараларына жүйөө болуп, палестиндердин өзүнүн кызыкчылыгына каршы келип жатканы айтылган. Мунун алдында бүгүн Израилдин премьер- министри Ариэль Шарон армияга Газа секторунда палестин согушкерлерине каршы кандай операция болсо да жүргүзүүгө уруксат берген эле. Жөөт премьеринин өкмөт жыйынында билдиргенине караганда, палестин
бийликтери "Хамас" , "Исламчыл жихад" өңдүү уюмдардын аракетине тоскоолдук кылуу үчүн "бармагын да кыймылдатып койгон жок". Ушул бейшембиде палестин согушкерлери алты жөөт жоокерин мерт кылгандан кийин Израил Палестин автономиясынын жаңы башчысы Махмуд Аббас менен байланышты үзгөн. Аббас Израил менен ок атышууну токтотуу маселесин "Хамас", "Исламчыл жихад" уюмунун өкүлдөрү менен дүйшөмбүдөгү жолугушуусунда талкуулары күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG