Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:55

18-январга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча январдын он сегизинде түнкүсүн республиканын кээ жерлерине кар жаайт. Күндүз кар жаашы күтүлбөйт.

Абанын температурасы:
ТАЛАС аймагында түнкүсүн -10...-15, күндүз -1...-6 градуска суук.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн -8...-13 градус ал эми чыгыш тарабы -13 градустан -18 градуска чейин суук болот. Күндүз -3 градус сууктан +2 градуска жылуу.
ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН, ОШ облустарында түнкүсүн -4...-9 градус суук, күндүз -4 градус сууктан +1 градуска жылуу.
Тоолуу НАРЫН жеринде абанын түнкү температурасы -22ден...-27 градуска, ал эми күндүз -9дан...-14 градуска чейин төмөндөп, суук болот.
Сарыөзөн ЧҮЙДӨ түнкүсүн -8...-13, күндүз 0...-5 градус суук.
БИШКЕКТЕ абанын температурасы түнкүсүн -8...-10, күндүз -1..-3 градуска суук.

Кабарлар топтомун даярдагандар Бурулкан Сарыгулова, Бакыт Аманбаев жана областтык кабарчылар.
Редактору Султан РАЕВ

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG