Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Өкмөт башчынын аракетин иликтөө Башкы прокуратурага тапшырылды


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 17-январдагы отурумунда «өкмөт башчы Николай Танаевдин шайлоого байланыштуу жашыруун жыйынын стенограммасы» деген ат менен өткөн аптада жергиликтүү басма сөзгө жарыяланган маалымат талкууланды. Айрым депутаттар өкмөт башчынын мындай аракетин «мамлекеттик төңкөрүшкө даярдык» деп баалашып, бул маселе боюнча мамлекет башчы Аскар Акаев, премьер министр Николай Танаевдин катышуусунда жыйын өткөрүүнү сунушташты. Натыйжада аталган маселени иликтөөнү Башкы прокуратурага тапшыруу тууралуу токтом кабыл алынды.
Аталган «стенограммалык баяндамада» премьер-министр Николай Танаев мамлекет башы Аскар Акаевдин тапшырмасы менен келээрки парламенттик шайлоого байланыштуу жашыруун жыйын өткөрүп, анда оппозициячыл саясатчыларды депутаттыкка өткөрбөө тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө көрсөтмө бергендиги тууралуу баяндалган. Аталган жыйын боюнча кыргыз өкмөтү өткөн аптада маалымат таратып, жогорудагыдай маалыматты «жалган» деп жокко чыгарган.

XS
SM
MD
LG