Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:17

Акыйкатчы Кыргызстандын чет өлкөдөгү жарандарына кайрылды


БИШКЕК. Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоого байланыштуу чет өлкөдө жашаган Кыргызстандын жарандарына кайрылды. Анда акыйкатчы жарандарды шайлоо күндөрү Кыргызстанга келип, татыктуу деп санаган талапкерлер үчүн добуш берүүгө, атуулдук милдетти аткарууга чакырды. Талапкерди туура тандоо стабилдүүлүүктү, акыйкаттыкты, теңдикти камсыздайт, деп айтылат билдирүүдө. Акыйкатчынын пикиринде, парламенттик жана президенттик шайлоонун чынчылдыгы, акыйкаттыгы жарандардын саясий эркине көз каранды. Белгилеп койчу жагы – чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандык жарандардын саны боюнча так маалымат жок. Тышкы иштер министрлигинин алдындагы миграция департаментинин эксперттерге таянып тараткан маалыматына караганда, кыргызстандык эмгек мигранттары негизинен Орусияда иштешет. Алардын болжолдуу саны 300 миңден 700 миңге чейин.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG