Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Укук коргоочу жоопко тартылды


БИШКЕК. Бишкектин Биринчи май райондук соту Роза Отунбаеваны коргоо комитетинин төрагасы Турсунбек Акунга каршы козголгон административдик ишти 17-январда карап, укук коргоочуга 500 сом айып пул салуу тууралуу чечим кабыл алды. Ички иштер министрлигинин Биринчи май райондук бөлүмү Турсунбек Акунга «жөө жүрүш акциясын уюштуруп, жол тосуп коомдук тартипти бузду» деген айып коюп, аны административдик жоопкерчиликке тартуу талабы менен сотко кайрылган. Эске сала кетүүчү нерсе, 7-январда милиция кызматкерлери Роза Отунбаеванын жактоочулары тигишкен чатырларды күч менен жыйнап кеткенден кийин нааразылык акциясынын катышуучулары Бишкектин айрым көчөлөрүнүн жээги менен жөө жүрүш акциясын уюштурушкан. Алар жолдо «Мамлекет башчы Аскар Акаев, Борбордук шайлоо комиссия башчысы Сулайман Иманбаев кызматтан кетишсин!» деп кыйкырышкан.

XS
SM
MD
LG