Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Экс-элчилерди жактоочулар нааразылык акциясын улантышты


БИШКЕК. Экс-элчилер Роза Отунбаева менен Мамбетжунус Абыловдун тарапкерлери 17-январда нааразылык акциясын улантышты. Алар адаттагыдай эле экс-элчилерди депутаттыкка талапкерликке каттоону талап кылган, расмий бийликти сынга алган жазууларды кармап, сары түстөгү белгилер менен турушту. Пикетчилер акцияны 7-январда, Отунбаеваны №1 университет шайлоо округу талапкердикке каттап, ал чечимин кайра жокко чыгаргандан кийин баштаган. Бул күнү экс-элчини коргоо комитети түзүлгөн. Ушундай эле комитет жекшембиде экс-элчи Абыловду коргоо максатында түзүлдү. Буга Абыловдун талапкер катары каттоодон өтпөй калышы негиз берген.

XS
SM
MD
LG