Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:09

Болот Жанузаков туруктуулукка кам көрүүдө


БИШКЕК. 17-январда ички иштер министрлигинде парламенттик шайлоого даярдыктар боюнча семинар кеңешме өттү. Ага президенттик администрация башчысынын биринчи орун басары Болот Жанузаков, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев катышты. Кеңешмеде парламенттик шайлоо алдында жана шайлоо учурунда өлкөдө коопсуздукту сактоо негизги маселе катары талкууланды. Президенттик администрация башчысынын биринчи орун басары Болот Жанузаков өз сөзүндө тартип коргоо кызматкерлерин стабилдүүлүккө доо кетирген бардык аракеттерге бөгөт коюуга чакырды. Жанузаковдун айтымында, бийликке жетүү максатын көздөгөн оппозициячылар коомду дестабилдештирүү аракетин жасап жатат. Ушул максатта ар кыл кыймылдар, комитеттер жаштарды, калктын социалдык жактан аз камсыз болгон катмарын жана аманатчыларды пайдалануу аракетин жасашууда, деп билдирди Жанузаков тартип коргоо тармагынын офицерлери менен жолугушууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG