Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

ЭНЕ БОЛУУ ЭЧ УБАКТА КЕЧ ЭМЕС


Румыниялык Адриана Илиеску 66 жашында аман-эсен көз жарып, медицина илиминде дагы бир бурулуш жасады. Буга чейин эң улгайган курагында төрөгөн аял катары 65 жашында балалуу болгон Индиялык аял эсептелчү.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Адриана Илиеску бардык аялдардай эле энелик бакытты эңсеп, ондогон жылдардан бери улам бир догдурга көрүнүп дарыланып келаткан экен. Акыры анын чыдамкайлыгынын акыбети кайтып, 16-январь күнү 66 жаш курагында Бухаресттеги гинекологиялык борбордо Адриана айым аман-эсен көз жарып, ыңаалаган кыздуу болду. Тактап айтканда , өзү өмүрү көрүп-тааныбаган донордун жардамы менен анын боюна эгиз түйүлдүк бүткөн экен. Эки кыздын бирөө төрөлө элек жатып чарчап калды. Экинчиси энесин жана аларды тегеректеп-күйпөлөктөгөн догдурларды зор кубанычка бөлөп, жалган дүйнөгө дагы бир жарчы болуп келди.


Дүйнөдөгү мурдагы рекорддук көрсөткүчтөн ашып, 66 жашында бала төрөөгө батынган Адриана айымга кесарево операциясын жасап, эне менен наристенин саламаттыгына көз салып жаткан оорукананын баш догдуру Богдан Маринеску дүйшөмбү күнү азырынча баары жайында деп билдирди.

- Кесарево операциясынын жардамы менен салмагы 1 кг. 400 граммдык кыз төрөлдү. Анын акыбалы дурус. Азырынча ага дем алуу жагынан жардам көрсөтүлүүдө, бирок мындан 15 мүнөт мурдараак эң алгачкы тамагын, 1 милилитр глюкоза кабыл алып, мени абдан сүйүндүрдү.


Адриана айым өзү наристелүү болгонуна дагы эле ишене албай турганын айтат.

- Менин кош бойлуу болгонум – бир жагынан жашоомдогу эң кубанычтуу, экинчи жагынан эң коркунучтуу жагдай болду. Мен 9 ай бою көтөрүүгө алым жетеби деп акыр-аягына чейин чочулап турдум, - дейт пенсия курагындагы румыниялык профессор Илиеску.


Анын бул сөздөрүн угуп турган догдуру төмөнкүлөрдү кошумчалай кетти.

- Ымыркай ыңаалап түшкөндө, энеси бизден "деги аман-эсенби?" деп сурады. Анан дароо эле "кудайга шүгүр, менин артымда да бирөө кала турган болду", - деп кобуранды.


Румыниянын маалымат каражаттары 66 жашында бала төрөп, дүйнөнү "дүңк" эттирген Илиеску айымдын бул эрдигин ар түрдүү өңүттөн комментарийлеп жатышат. Айрымдары кызы 14кө чыкканда, өзү 80ге таяп, өспүрүм кызына жакшыраак тарбия бергенге жарабай калат деп саймедиресе, кээ бир гезиттер догдурлардын ушундай улгайып калган аялды жасалма түрдө уруктандырып боюна бүтүрүүгө моралдык укугу бар беле деген маселени көтөрүп чыгышты.


Бирок Румыниянын ортодоксалдык чиркөө башчылары Илиеску айымдын энелик эрдигин сыйлап, христиан дининде "кайсыл куракта болбосун балалуу болуу далалаты ашкереленбейт" деген мазмундагы билдирүү таратты.


Ошентип, 2003-жылы 65 жашында балалуу болуп, Индиялык аял дүйнөлүк рекорд койсо, эми аны 66 жаштагы румын аял жаңылады. Энелик сезим дүйнөдө дагы кандай эрдиктерди жаратат болду экен?
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG