Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:11

ЖУРНАЛИСТ АК ҮЙДӨН 240 МИҢ ДОЛЛАР АЛГАНЫН МОЙНУНА АЛДЫ


Кубат Оторбаев, Прага Жакында Кошмо Штаттарынын журналисттик чөйрөсүндө эки чоң чуу чыкты. Анын бири - президент Жорж Бушту жактаган журналист Ак үйдөн 240 миң доллар алып, ал акчаны акташ үчүн айрым маалыматтарды элге бурмалап таратканын мойнуна алды. Экинчи бир окуя – кадыр-барктуу делген Си-Би-Эс телеканалы президент Жорж Буш 1970-жылдары Вьетнам согушуна баруудан качкан деген маалыматты тактабай туруп обого чыгарганы белгилүү болду.

Алгач - таанымал журналист Армстроң Уильямс Ак үй администрациясынын саясатын жакташ үчүн бийлик өкүлдөрүнөн 240 миң доллар акча алганын мойнуна алды.

Бир апта өтүп-өтпөй эле, көз карандысыз иликтөөлөр көргөзгөндөй, Си-Би-Эс телеканалынын жаңылыктар бөлүмү президент Буш 1970-жылдарда Улуттук аскер-аба гвардиясында кызмат өтөп жүргөндө Вьетнам согушуна барбаш үчүн жетекчиликти колго алып койгон деген маалыматты тактабай туруп эфирге кетиргени аныкталды. Көрсө ал маалыматтар калп сөздөргө негизделиптир.

Кошмо Штаттарынын саясий жана коомдук турмушундагы бул эки чуулгандуу окуя көпчүлүк америкалыктардын массалык маалымат каражаттарына болгон ишенимин бир топ эле кетиргендей болду.

Жорж Вашингтон университетинин кызматкери, эксперт Шон Адей барган сайын пресса ишенимден чыгып баратат деген пикирде:

– Менимче, бул окуялар аларды жолго сала албайт. Тескерисинче, буга чейинки калыптанган алар тууралуу пикирге эле кошумча болду. Азыр алдыңкы, окуп-чокуган муун прессага көп ишене бербейт, ал эми массалык маалымат каражаттарына 60-, өзгөчө 70-жылдардын орто ченинен тартып эле ишенич кете баштаган.

Шон Адейдин айтымында Кошмо Штаттарынын прессасы 1960-жылдардын аягы – 1970-жылдардын башында Америка Вьетнамга согуш ачпайт деген маалыматтарды үстөккө-босток тараткан, бирок ал калп болуп чыккан. Эксперттин кошумчалаганына караганда АКШнын 37-президенти Ричард Никсонду кызматтан кетирүүгө аргасыз кылган “Уотергейттин чуусуна” байланыштуу макалалар дагы көпчүлүк америкалыктарга жаккан эмес.

Бул балким, Кошмо Штаттарында массалык маалымат каражаттары коомдук аң-сезимди калыптандырып, пикир түзүүдө өтө чоң күчкө ээ экендигине байланыштуудур.

Нью-Йорктогу Кортленд мамлекеттик университетинин профессору Роберт Спайтзердин айтымында баардык проблема массалык маалымат каражаттарынын толук эркин экендигинде. Кабарчылар менен редакторлор жумушка алынаардан мурда өздөрүнүн кесиптик даярдыгы боюнча кандайдыр бир сыноо-экзамендерден өтүшпөйт. Алардын укуктары болсо Конституция аркылуу корголгон. Кайсы теле, радиокомпания жана гезит кандай иштеп жатканын Америкада рынок гана аныктап, баа бере алат. Эгер гезит кайра-кайра калпты жаза берсе окурмандар аны кийинки жолу сатып албай коет:

– Азыр адамдар көптөгөн массалык маалымат каражаттарынын ичинен каалаганын тандай алат. Эгер сиз Си-Би-Эсти же "Вашингтон постту" жактырбасаңыз, башка гезитти окуп же башка бир телеканалды көрө аласыз. Болбосо интернетке кирсеңиз болот. Рынок баарына тараза. Менимче бул - өзүн-өзү көзөмөлгө алган система. Эл да тигил же бул гезитти сатып алып, анын андан ары чыгышына өз добушун берет.

Роберт Спайтзердин кошумчалаганына караганда журналисттер дагы оозуна келгенди эле оттоп отурган жери жок. Алар окуяларды так, көп тараптуу жана калыс чагылдырууга аракет кылып, калыптанып калган стандарттарга таянып жазышат.

Спайтзер мисал катары Кошмо Штаттары Иракка кол салаардын мурда "Вашингтон пост" менен "Нью-Йорк таймска" чыккан макалаларды мисалга келтирет. Бул эки гезит тең Саддам Хусейндин кеңири кыргын салуучу куралдарынын бар экендигине күмөн санашкан болчу.

– Дегеле, массалык маалымат каражаттары сын аркылуу элди өзүнө тартат. Алар ката кетиргенин да дароо мойнуна алышат. Башка адистерге караганда журналисттер адамдын көңүлү менен көп иштейт. Алардын айырмасы – анын баарын ачык жарыялайт, албетте муну жактырбагандар дайыма чыгат. Бирок менимче, биз массалык маалымат каражаттарына ошол эле угарман, окурман, көрармандын үйүн таза кармап турууга кызмат кылууга мүмкүнчүлүк беришибиз керек, - дейт профессор.

Жорж Вашингтон университетинин эксперти Шон Адей болсо массалык маалымат каражаттары баары бир өздөрүнүн ишине тың болуп, кабарларды тактап туруп гана обого чыгарууга тийиш дейт.
XS
SM
MD
LG