Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:41

Азиза Турдуева, Бишкек 17-январда Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Кыргызстандын мурдагы элчилери Роза Отунбаева менен Мамбетжунус Абыловдун укуктарын коргоо боюнча нааразылык акциясы улантылды. Бул күнү пикетке Талас жана Ош облустарынан да атуулдар келип кошулушту. Жалпысынан нааразылык акцияга 80ден ашуун адам катышты.

Борбор калаада Кыргызстандын мурдагы элчилеринин Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигин коюу укуктарын коргоо боюнча нааразылык акциясы 7-январдан бери болуп жатат. Бул күнү да пикетчилер сары моюн орогучтарды салынып, колдоруна “Парламенттик шайлоо адилет өтсүн!”, “Мыйзам бузууларга жол бербейбиз!”, “Роза Отунбаеванын укуктары бузулбасын!”, “Мамбетжунус Абыловдун шайлоого талапкер катары катышуу укугу бузулбасын!” деген плакаттарды кармап турушту. Бишкек шаарынын тургуну Токтобүбү Аскарова пикетке келгенин минтип негиздеди:

-Биздин максат: жакында боло турган шайлоо адилет өтсүн. Акыйкаттыкты талап кылып турабыз. Биз Роза Отунбаеваны саясий ишмер, Кыргызстанды чет өлкөлөргө тааныткан элчи катары билебиз. Парламентке татыктуу адамдар өтүшү керек. Депутаттыкка татыктуу адамдарыбыздын бири- Роза Отунбаева. Биз акыйкаттыкты талап кылабыз!

Айрым пикетчилер болсо алар наарзылык акцияга өлкөдөгү азыркы саясий системага каршы болуп чыккандыктары жөнүндө айтышты. Буга байланыштуу Алмазбек Эркебай уулунун пикири:

- Мен азыркы эскичил тоталитардык системанын башкаруу ыкмаларын пайдаланган бийликти жактырбайм. Бизге чыныгы демократиялык принциптердин негизинде башкаруу системасы керек. Мен балдардын келечегин, өлкөнүн келечегин ойлоп, ушул жерге келдим .

Ал эми Талас облусунан пикетке катышууга келген Темирбек Турсунов мындай деди:

- Мен Роза Отунбаеванын укугун коргоо боюнча пикет болуп жатат деп угуп келдим. Ал чет өлкөдө Кыргызстан үчүн, элинин кызыкчылыгы үчүн иштеп келсе, анан эмне үчүн парламентке депутаттыкка талапкерлигин көрсөтө албайт? Менимче, бул туура эмес, мыйзамсыз. Бул - шайлоочулардын укугун бузууга жатат .

Бул кунү пикетчилерге Ош облусунан да келип кошулушту. Алардын бири - Айсалкын Токторова:

- Биз ушул жерге келгенге мажбур болдук. Анткени, үй-жайыбыз жок, балдарыбызды бага албай, кыйналып-кысталып жүрөбүз. Кыргызстанда адилетсиздик болгондуктан, бизге окшогон жөнөкөй адамдар да кыйналып жатабыз.

Ош облусунан келген Марапат Сабырованын ою:

- Мен да, Роза Отунбаеванын укугун коргогон адамдардын катарына кошулайын деп келдим. Акыйкат шайлоону каалайбыз. Эмне үчүн шайлоочулар өздөрү каалаган адамдарын депутаттыкка шайлай албайт?

Мирлан аттуу жигит болсо мындай деди:

- Мен өзүм жумушсузмун. Кулбазарда иштедим - өтө оор экен. Кыргызстанда азыр көпчүлүк адамдар кыйын турмушту башынан өткөрүп жатат. Мен ушу Мамбетжунус Абылов өндүү татыктуу адамдар бийиликке, парламентке келишсе, эл өзү каалаган, ишенген адамдарын шайлап алса, элдин да турмушу оңолот эле дейм. Ошондуктан, акыйкат шайлоо болушуна өзүмдүн салымымды кошоюн деп пикетке чыктым.

Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары Петр Тяблин пикетчилер тарабынан мыйзам бузуулар катталбаганын билдирди:

Пикетте тургандарына 10 күндөн ашып баратат. Бирок мыйзам бузуулар боло элек..

Бийлик өкүлдөрү Бишкекте өтүп жаткан нааразылык акция негизсиз дешет.

Пикет 18-январда да болот.
XS
SM
MD
LG