Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

Бермет Акаева №1 округдук шайлоо комиссиясына арыз берди


Президент Аскар Акаевдин кызы, «Агахан» фондунун Кыргызстандагы координатору Бермет Акаева Жогорку Кеңешке депутаттыкка өз талапкердигин коюу максатында №1 Университет округдук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына шилтеме берип, «АКИпресс» агенттиги жазды. Анда белгиленгенге караганда Бермет Акаева өз атынан тиешелүү документтерди тапшырды, ал азыр округдук комиссиянын кароосунда. Комиссия берилген документтердин мыйзамдуу жагын карап, андан соң өз чечимин чыгарат.

Буга чейин №1 Университет округдук шайлоо комиссиясы экс-элчи, «Атажурт» кыймылынын төрайымы Роза Отунбаеванын документтерин кабыл алып, 6-январда каттоодон өткөргөн. Бирок «Шайлоо кодексинин» 69-беренесине бузулат деген негиздеме менен округдук шайлоо комиссиясы бул чечимди ошол эле күнү кайра жокко чыгарган. Азыркы күндө экс-элчинин жактоочулары нааразылык акцияларын уюштуруп жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG