Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:54

МЕДЕТКАН ШЕРИМКУЛОВ: "ЭЛЧИЛЕРГЕ МЫНДАЙ МАМИЛЕ УЛУТТУК ДИПЛОМАТИЯНЫ СЫЙЛАБАГАНДЫК"…


Кыргыз парламентинин мурдагы спикери жана экс-элчи Медеткан Шеримкулов депутаттыкка талапкер катары катталуу укугун калыбына келтирүү талабы менен Конституциялык сотко кайрылганы турат.

- Медеткан мырза! Сокулук райондук соту да, Жогорку сот да сиздин берген арызыңызды канааттандырган жок, эми адилеттүүлүктү издөө кадамыңыз мындан ары кандай болот?

--Эми Конституциялык сотко кайрылып, ал соттун да чечимин күтүш керек болуп турат. Экинчиден биздин президентибиз , урматтуу Аскар Акаевге жеке катым менен кайрылдым. Мурда мен, Үсөн Сыдыков жана Мамбетжунус Абылов үчөөбүз бирге, “элчилерди шайлоого катыштырбайбыз” деген сөз башталганда эле биз кайрылдык эле. Президенттин өзүнөн бизге жооп келген жок. Анан президенттин администрациясынын жетекчиси Касымовдун атынан: “Бул эми Кодекстин негизинде болуш керек” деген гана формалдуу жооп алганбыз. Ошондуктан, мен өзүмдүн атымдан президентибизге жеке өзүнө кат менен кайрылдым. Дүйнөлүк дипломатиянын практикасында эч убакта өзүнүн дипломаттарын чет мамлекетке жиберип, өзүнүн мамлекетинин кызыкчылыгын, көз карандысыздыгын, ошол барган мамлекет менен саясый жактан, экономикалык жактан байланыштарды мындан ары дагы жаңы деңгээлге көтөрүш керек деген милдеттерди коюп, документтерине кол коюп, жиберип жатып, анан эми барып иштесең иштей бергин, бирок келгенден кийин укугуң жок деп койгону бул адамгерчили кке дагы, саясатка дагы эч бир сыйбай турган нерсе деп эсептейм.

- Элчилердин шайлоого катышууга укугунун чектелип жатышы бул мыйзам калпыстыгыбы же бул “саясий оюнбу”?

-- Конституциянын 56-беренесинин, шайлоо жөнүндөгү Кодекстин 69-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча Айтматов, Үсөн Сыдыковдор депутаттыкка катышпады беле. Эмне үчүн мага келгенде эле катышпай калуум керек. Ал эми шайлоо Кодексинин 69-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы 2004-жылдын январь айында гана киргизилген. Жанагы чет мамлекетке жылына 6 айга чейин чыгып кетүү мөөнөтүн берип жатпайбы. Дагы бир жолу айтайын бул Кодекске киргизилген өзгөртүү 2004-жылдын январь айында кабыл алынган. Мен болсо республикага Турциядан 2002-жылдын июль айында келдим. Андыктан жакында кабыл алынган закондун мага кандай тиешеси бар. Мага болгон мамиле, бул законсуз мамиле. Мени ар кандай шылтоолор менен шайлоого катыштырбай коюуга болгон аракет деп түшүнөм. Себеби мен шайлоого катышып кала турган болсом, кудай буюрса катышып калышым мүмкүн деп ойлойм, ишенем. Анда ойлоп жатышат. “Мен сөзсүз депутат болуп калышым мүмкүн. Себеби Медеткан Шеримкуловдун айылы, анын электораты ал кишини колдоп коюшу ыктымал” деп. Мен эгер шайланып калып эле, жаңы парламентке келе турган болсом. Менин парламентке эч кандай зыяным тийбейт. Мен айтар элем, Кыргыз Республикасында дүйнөлүк парламентаризмди менден жакшы билген кишилер саналуу гана. Себеби, мен он беш жыл депутат болуп шайланган, беш жыл Кыргыз Республикасынын легандарлуу парламентин башкарган кишимин. Эгер ооз көптүрүп айтып жатат делбесе, ушул парламентаризм боюнча илимдин доктору болгом, Кыргызстандагы жалгыз киши менмин. Менин өмүрүм, менин тагдырым, менин эмгектенген мезгилимдеги өмүрүмдүн бардыгы тең, кыргыз элинин, Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына жумшалган деп кесе айтар элем. Менин кызыкчылыгым, менин оюм, менин пикирим өзүмдүн элиме кызмат кылсам деген гана үмүт,тилек менен келген адаммын.

- 17-январда элчилердин шайлоого катышуу же катышпоо укугу боюнча маселе мыйзам чыгаруу палатасында каралмак эле, эмнегедир каралбай калды. Себебин кандай деп айтат элеңиз?

--Биринчиден, элчилер чыга турган округдардан мен дагы чыксам деген Жогорку Кеңештин эки палатасында депутат болуп жүргөндөрдүн аракети муну каратпай коюуга таасир этсе, экинчиден бийликтин таасири бар депутаттарга басым көргөзүп, ошолор аркылуу бул маселени парламенттен каратпай коюуга жасап жаткан аракеттери болду деп ойлойм. Бул парламент дагы кетет. Саналуу убакыттар калды. Айтып коюучу нерсе ушул тарап жаткан парламент беш жылдын ичинде элибиз-журтубуз үчүн бир топ жакшы иштерди жасады. Аны эл дагы биз дагы көрүп турабыз. Бирок, тарап, кетип жатканда булардын кадамынан жаңылып калганы, элдин, мамлекеттин жүзүнө так калтырган бир туура эмес иштеринин бири, ушул дипломаттарга болгон мамилеси болуп калды.

Жаркын Темирбаева, Бишкек
XS
SM
MD
LG