Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

ОРУСИЯНЫН КӨЧӨЛӨРҮН «ЧЫТ ЫҢКЫЛАБЫ» ЖОЙЛОП ЖҮРӨТ


Муса Мураталиев, Москва Орусияда буга дейре берилип келе жаткан льготаны акча түрүндө бере баштагандан улам пайда болгон пенсионерлердин нааразылык акциялары уланып атат. Ушул аптанын башында андай биринчи акция Москва алдындагы Химкиде болгон. Ошондон бери жер-жерлерде өткөн андай акция бүгүн, Түштүк –Сахалинде өткөн. Ага жүзгө чукул пенсионерлер катышып обулус админстрациясынан жеңилдик көлөмүн арттырууну талап кылышкан. Ставрополь шаарында көчөгө чыккан беш миңдей пенсионерлер талабы да ушундай болгон. Санкт-Петербургда бир жарым миң пенсионерлер Невский проспектисин бир нече саатка бууп турушкан. Самара шаарында болсо беш күн удаа көчөгө чыгуу болуп келет. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министири Михаил Зурабов пенсионерлерге транспорт боюнча берилүүчү жеңилдик бир аптанын ичинде теске салынат деди.

Бул күндөрү орусиялык көчөлөрдө “төңкөрүш” деген ураан айкырылчу болду. Аны пенсияда карылар, жогорку окуу жайында студенттер айтчу болду. Элдин жаалын мынча катуу келтирген нерсе азыркы бийлик жүргүзүп аткан социалдык реформа эпкини болду дешет. Тээ советтер тушунан ар кандай себептерден улам көптөгөн кишилер мамлекеттен жеңилдик алышчу. Аны мамлекет көмүскө каражат түрүндө берип турчу. Азыркы бийлик ал адатты жоюп каражатты акчалай түрдө берүүгө өттү. Бирок орусиялык мамлекеттен жеңилдик алуучулар инфляцияга чактырып куну качкан рублдин караанын көргөндө үрөйлөрү учуп, жер-жерлерде көчөгө чыгуу уюштуруп нааразылык акцияларын уюштура башташкан. Көтөргөн ураандары өкмөттү таркатуу болууда.


Бүгүн (17-январда – ММ) Санкт-Петербургда акцияга чыккандар жөнүдө биздин кабарчы Татьяна Вольтская мындай дейт:

Жоголсун элге каршы чыккан өкмөт! Жеңилдигибизди кайтарып бергиле! Путин иштен кетсин! Зурабов иштен кетсин! – деген ураандарды көтөрүшкөн эки миңдей пенсионерлер Смольная аянтына чогулушуту, - деди.

Алар калаанын башка райондорунан чогулган пенсионерлер менен биригип Невский проспектисине жүрүш жасашты деди. Баса, бул калаада мурунку күнү б.а. 16-январда нааразылык акциясы өткөрүлүп атканда 80 курактагы пенсионер карыя машине астында калып курман болду эле.

“Незавимая газета” жазганга караганда, өлкөдө төңкөрүш болор алдындагыдай маанай байкалат. Ага советтик система саркындысы от коюшу ыктымал. Чыт төңкөрүшүнүн арымы өлкөдө күн санап артууда, - деп жазат.

Саясий анализчилер андай төңкөрүштү коммунисттер башташы ыктымал дешет. Көчөгө чыккандар арасында чынында эле советтик кезди эскерүү үстөмдүк кылат:

Советтик бийлик берген жеңилдикти азыркы бийлик бизден тартып алды, уурдап алды, - дейт Самара шаарындагы жүрүшкө катышкан пенсионер.

Ал эми “Бирдиктүү Орусия” фракциясынын мүчөсү, Мамдумага депутат Валерий Зубов болсо мыйзам арибин мактады, кеп аны аткаруучуларда дейт:

Бул мыйзамдын (максаты – ММ) киши канча маяна иштеп тапса ага аны акчалай түрдө берүү, - дейт ал. Бирок бул маселеде күнөө “кемигинде эмес керкисинде” дегендер көп болууда. Алардын бири ЯБЛОКО партиясынын төрагасына орун басар Сергей Митрохин:

Бул саясаттын акыры келип, тилекке каршы, жакынкы арада, өлкөдө социалдык оор натыйжалуу окуя чыгышына себепкер болот, - дейт.

Анализчилер баамында да Кийинки беш жыл ичинде Кремль жүргүзө баштаган реформа жаңы кагылыштарды жаратуучу болду. Путин режимине нааразы болгондор катары күн санап артууда. Андай маанай ишкерлерде, жер-жерлердеги элитада, интеллигенцияда, пенсионерлерде. Путиндин шиши толду, - дешүүдө.

XS
SM
MD
LG