Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:40

Иракта козголоңчулар 30-январдагы шайлоонун учурунда чабуулга өтүүгө даярданып жатышат


Бул тууралуу Ирактын премьер-министринин орун басары Бахрам Салих чалгын маалыматтарына таянып маалымдады. Салих "шайлоонун коопсуздугун негизинен Ирактык аскерлер камсыздайт, бирок зарыл болсо АКШ баштаган көп улуттуу күчтөр да жардамга келет" деди.

Кечээ түндүктөгү Мосулда америкалык аскерлер 11 козголоңчуну кол башчысы менен кошо колго түшүрүштү. Козголоңчулар өз кезегинде 17 кишинин канына забын болушту. Ал эми өткөн аптадан бери дайынсыз жоголгон Ирак Улуттук Гвардиясынын 15 кызматкерин Ансар ал-Сунна тобу уурдап кеткенин жарыялады.

Кошмо Штаттарында Ирактын Абу Грайб түрмөсүндө айыпкерлерди кордоого катышы үчүн согуштук сот америкалык аскер Чарльз Грейнерди 10 жылга эркинен ажыратты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG