Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Израилдик аскерлер палестиналык эки согушчанды жок кылды


Израил менен Газа тилкесинин чек арасына чукул жерде израилдик күчтөр менен палестин согушчандар ортосунда болгон аткылашууда эки согушчан жок кылынды.
Исламчыл “Жихад” тобу эки согушчан Газада жашаган жөөттөргө таандык автомобилдерге кол салышканын билдирди. Жөөт аскерлери каршы ок ачып, согушчандарды катардан чыгарганын Израил армиясы тастыктады.

Ливандын коопсуздук күчтөрү жөөт авиациясы өлкө түштүгүндөгү Израилдин чек арасына ныпталаш жерлердеги Хизбулла уюмунун шектүү жайларына сокку урганын маалымдады.
Чабуул хизболлачылар талаштуу аймакта израилдик бульдозерге бомба орнотулганын билдиргенден кийин жасалды.
Аба соккусунун зыяны жөнүндө эки жак тең эч кандай маалымат бербеди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG