Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:52

Президент Месичтин көздөгөнү Евробиримдик


Хорватиянын кайра шайланган президенти Стипе Месич алдыдагы беш жылда өлкөсүн Евробримдикке кошом деп убада берди:

-Өз максатыбызга жетүүбүз үчүн улуттун мунасада жашоосу шарт. Биз ынтымактуу болсок баарын жасайбыз. Түрдүү партиялар жана көз караштар болгону менен, стратегиялык максатыбыз бир болушу абзел. Мен силерге кайрылам. Келгиле, өнүккөн, бардык жарандар үчүн кызмат кылган Хорватияны чогуу куралы.

Месич билдирүүнү жекшемби күнкү президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыяланар замат жасады.

Месичти шайлоочулардын 66 проценти, атаандашы, вице-премьер-министр Ядранка Косорду -34 проценти колдогон.

Евробримдик өткөн айда Хорватияны союзга кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү быйыл мартта баштоо жөнүндө чечим кабыл алып,бирок, анын жүрүшү ырасмий Загребдин Улуттар Уюмунун Гаагадагы соту менен кызматташуусуна жараша болорун эскерткен. .

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG