Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Аманатчылардын абалын суроого убак келдиби?


БИШКЕК. 18-январда Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин имаратында «Рентон груп», «Камкор» фирмаларына акчасын алдырган кары-картаңдар менен президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков, каржы министринин биринчи орун басары Эмирлан Төрөмырзаев, күч министрликтеринин өкүлдөрү жолугушту. Анда аманатчылардын акчасын кайтарып берүүдө өкмөт тарабынан жасалган иштер жөнүндө маалымат берилди. Бирок алдангандар убадалар көп, аткарылган иштер жок, деп нааразылык билдиришти. Мына ушундай нааразылык айтуучуларга Эмирлан Төрөмырзаев «мен «Рентон группка» акча салууну силерге сунуштаган эмесмин», деп жооп берди. Жыйында айтылган сунуштарды кат жүзүндө өкмөткө жиберүү чечими кабылданды.

XS
SM
MD
LG