Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:45

НИДЕРЛАНД ДАГЫ ИРАКТАГЫ АСКЕРЛЕРИН АЛЫП ЧЫГЫП КЕТЕТ


Кубат Оторбаев, Прага Марттын орто ченинде Нидерланддын 1 350 аскери Ирактан кетмек болуп жатат. Буга чейин Польша менен Украина бийликтери дагы Ирактагы аскерлерин быйыл чакырып алаарын жарыялашкан болчу. Ошентип Кошмо Штаттарынын өнөктөштөрүнүн аскерлеринин саны барган сайын азайууда. Ошол эле маалда Ирактын өзүндө кандуу кармаш жаалданган мүнөзгө өттү. Өлкөнүн коопсуздугун сактоо милдетин эми кайсы күчтөр өзүнө алат?

Иракта шайлоо жакындаган сайын коалициянын курамына кирген мамлекеттердин улам бири өз аскерлерин өлкөдөн алып чыгып кетүүнү айта баштады. Ушул дүйшөмбүдө Нидерланддын премьер-министри Жан Петер Балканенде голландиянын 1350 аскери марттын орто ченинде үйлөрүнө кайта тургандыгын билдирди. Ошентип Нидерланд - өз аскерлерин Ирактан биротоло алып кетүүнү же аскерлеринин санын кыскартууну айткан он төртүнчү мамлекет болуп калды.

Мындай маанай коалициянын курамына кирген 38 мамлекеттин өкмөттөрүнүн көпчүлүгү Иракта аскерлерин мындан ары кармоону каалабай калганынан кабар берип турат.

Кеңсеси Гаагада жайгашкан Эларалык мамилелер боюнча Нидерланд институтунун эксперти Эдвин Бейкер голландиялыктар башынан эле Ирактагы согушту кош колдоп колдогон эмес болчу дейт:

– Негизи биз эч убакта коалициялык күчтөргө кошулганыбызга шапкебизди көккө ыргытып сүйүнгөн эмеспиз. Бирок биз коалицияга кошулуу менен ирактыктардын коопсуздугун коргоого салым кошобуз го деп ойлогонбуз. Убакыт өтүп, биздин голландиялык эки жоокер окко учкандан тартып абал курчуп баратканын түшүндүк. Анан биздин катарда “деги биз чын эле абалды өзгөртүүгө салым кошо алабызбы” деп күмөн санагандар көп боло баштады.

Алгач Ирактагы согушка Франция, Германия жана Орусия каршы болгондо Кошмо Штаттары менен Улуу Британия коалициянын курамына көбүрөөк мамлекеттерди, анын ичинде, ошол эле Европадагы жана мурдагы Советтер Союзундагы мамлекеттерди кошууну көздөгөн жана ал максатына жеткен.

Бирок Ирактагы соңку окуялардан кийин коалициянын катары улам суюлуп баратат. Өткөн аптада Украина жылдын орто ченине чейин Ирактагы 1600 аскерин алып кетээрин жарыялаган. Андан тышкары Польша 1700 аскерин, Венгрия 300 жоокерин жакын арада үйүнө чакыраарын билдирген. Ошентип Кошмо Штаттары менен Улуу Британиядан тышкары Иракта көп аскери кызмат кылып жаткан эки эле мамлекет калды. Алар: Түштүк Корея (3600 жоокер) жана Италия (3160). Калган Казакстан, Грузия, Австралия сыяктуу мамлекеттердин аскерлеринин саны ар бириники миңден ашпайт.

Кошмо Штаттарынын өкмөтү Ирактан аскерлерин алып кетип жаткан мамлекеттерге мисалы, былтыркыдай болуп чоң таарынычын быйыл билдирген жок. Өткөн жылы Испания 1400 аскерин үйгө чакырганда президент Жорж Буш ырасмий Мадридди сынга алган болчу.

Быйыл Ирактан кетип жаткан мамлекеттер өздөрүнүн бул кадамын Иракта биринчи ирет өтүп жаткан демократиялык шайлоо менен байланыштырып жатышат. 30-январда Ирактын улуттук жыйынына депутаттар шайланат. Улуттук жыйын болсо келечекте өлкөнүн туруктуу Конституциясын жана туруктуу өкмөтүн түзөт. Бирок шайлоо жакындаган сайын кырдаал курчуп, кан көп төгүлүп жатат. Ошол эле маалда коалициянын курамындагы айрым мамлекеттер өз аскерлерин алып кетип, коопсуздукту сактоо Иракта калган күчтөрдүн мойнуна жүктөлдү.

Бирок Лондондогу стратегиялык изилдөөлөр боюнча эларалык институттун кызматкери, эксперт Филип Митчеллдин айтымында буга чейин деле катуу каршылык болгон аймактарда Кошмо Штаттары менен Британиянын аскерлери кызмат өтөп келишкен:

– Суннилер басымдуулук кылган жерлерде кызмат кылып жаткан АКШнын аскерлерине караганда поляктар тынчыраак аймакта болчу. Ошондон улам алардын жана Голландиянын күчтөрүнүн кетиши кырдаалга көп деле таасирин тийгизбейт. Бирок эми АКШ менен Британиянын күчтөрү алар турган аймактарды да өз көзөмөлүнө алууга аргасыз болушат.

Филип Митчеллдин кошумчалаганына караганда Ирактан кетип жаткан аскер күчтөрүнүн ордун эми Ирак өкмөтүнүн150 миңге жакын коопсуздук күчтөрү басууга тийиш. Алар үчүн алгачкы чоң сыноо – 30-январда өтө турган жалпы элдик шайлоо болмокчу.
XS
SM
MD
LG