Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:59

ПЕКИНДЕ ОЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНЫН ӨТҮШҮ КЫТАЙДЫН ЭКОНОМИКАСЫН МЫНДАН ДА КҮЧТӨНДҮРӨТ


Кубат Оторбаев, Прага 2008-жылы Пекинде олимпиада оюндарын өткөрүүгө спонсорлордон түшүүчү каражаттын өлчөмү 1 миллиард доллардан ашаары күтүлүп жатат. Ошентип Кытай олимпиаданын аркасы менен экономикасын мындан да чыңдап, инвестиция тартуу боюнча жаңы рекордду багындырат деген божомол бар. Эларалык укук коргоо уюмдары болсо Кытай бийликтерин өлкөдө адам укуктарынын абалын жакшыртууга чакырууда.

Азырынча Пекинде олимпиада өткөрүүгө демөөрчү болууга 6 чоң компания макулдугун берди. Алардын катарында “Фольксваген”, Кытай банкы жана Кытайдын мобилдик телефон байланышы сыяктуу компаниялар бар.

Эларалык олимпиада комитетинин маркетинг комиссиясынын төрагасы Герхард Хайберг бул жолку олимпиадага демөөрчүлөрдөн түшүүчү акча 1 миллиард долларлык чектен ашып түшөөрүнө күмөн санабайт. “Менимче, бул жагынан Пекин буга чейинки чектердин баарынан ашып түшөт”, - дейт ал сыймыктануу менен.

Минтип демөөрчүлөрдөн көп акча келип жатышы олимпиаданы өткөрүүчүлөр пайдага туйтунат дегенди билдирет.

Бирок ошол эле маалда эксперттер дүйнөдө калкынын саны боюнча биринчи орунда турган Кытайда олимпиада өткөрүүгө киришүү менен Эларалык олимпиадалык комитети бул өлкөдө адам укуктарынын бузулуп жатышына көз жуумп жатканын айтышат.

Бирок Эларалык олимпиада комитетинин өкүлдөрү “биз адам укуктарын коргой турган уюм эмеспиз, ошол эле маалда бул маселе да көңүлдүн сыртында калган жок,” дешет. Былтыр август айында Эларалык олимпиада комитетинин президенти Жак Рогге журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Олимпиада оюндарынын Пекинде өтүп жатышы Кытайда адам укуктарынын абалынын жакшырышына салым кошот деген үмүттө экендигин айткан:

- Биз бул маселени Кытайдын бийлигине ачык айттык. Кытайдын жетекчилиги дагы олимпиаданын өтүшү менен адам укуктарынын абалынын жакшырышына мүмкүнчүлүк түзүлөт деген үмүттө экендигин билдиришти. Алар олимпиада оюндары Кытай коомун өзгөртүүгө чоң салым кошоорунан күмөн санашпайт.

Жак Роггенин айтымында Эларалык олимпиада комитети адам укуктарын коргоочу уюм болбосо дагы алар бул маселеге кайдыгер карашпайт:

- 2001-жылы Москвада 2008-жылы олимпиада оюндары Пекинде өтөөрү белгилүү болгондо мен дароо Кытайдын олимпиада оюндарын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетине кайрылып, бул окуя коомду өзгөртүүгө чоң салым кошууга тийиш деп ачык айткам. Адам укуктарынын сакталып жатышына биз мониторинг жүргүзбөйбүз, биз адам укуктарын коргогон инспекторлор да эмеспиз. Биз спортко байланыштуу уюмбуз. Ошентсе да адам укуктарын коргогон уюмдар тигил же бул мамлекетте адам укуктары кандай сакталып жатканын бизге дайыма кулакдар кылып турушат.

Ушул тапта эмки – 2012-жылдагы олимпиада кайда өтөт болду экен деген маселе баарын кызыктырып жатат. Аны дүйнөдөгү эң ири беш шаар - Лондон, Мадрид, Москва, Нью-Йорк жана Париж талашып жатышат. Кимиси бул укукка ээ болоору быйыл июнь айында билинет.

Олимпиада өткөрүү кайсы гана мамлекетке болбосун чоң пайда алып келет. Мисалы, буга чейин Солт-Лейк-Ситиде жана Афинада өткөн оюндарга Coca-Cola, Kodak, Samsung сыяктуу компаниялар ири акча салып, ал чек 603 миллион долларга жеткен.

Ал эми 2001-04-жылдар ичинде Олимпиада кыймылы оюндарды массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдыруудан 2 миллиард 240 миллион доллар, демөөрчүлөрдөн 1 миллиард 340 миллион доллар, билет сатуудан 608 миллион доллар жана лицензиядан 81 миллион доллар таза пайда тапкан.
XS
SM
MD
LG