Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:57

АЙРЫМ МААЛЫМАТТАР БОЮНЧА БАЙКОҢУРДА ЭКОЛОГИЯЛЫК АБАЛ ООР


Кубат Оторбаев, Прага Орусиянын окумуштуулары Казакстандан ракеталардын учурулушу Байкоңур космодромуна жакын жашаган тургундардын саламаттыгына терс таасирин тийгизип жатат дешет. Азыр калың элдин катмарына жетпей, жашыруун сакталып аткан айрым маалыматтарга караганда Казакстандын Алтай облусунун аймагына – эл жашаган айылдардын тушунан асмандан адам өмүрүнө коркунучтуу күйүүчү майдын ашып калганын төгүп жиберишет. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Дон Хиллдин маалыматы боюнча анын каскагынан аталган облуста айыккыс дартка чалдыккан адамдар жана көз жумган балдар көбөйүп баратат.

Улуу Британияда чыгуучу "Nature" (“Табият”) аттуу илимий журналдын маалыматына караганда Казакстандын Алтай облусунун аймагында 1998-2000-жылдарда окумуштуулар илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. Ал топту Новосибирск шаарындагы Вирусология жана биотехника изилдөө борборунун эпидемиологу Сергей Зыков жетектеген. Ал адистер миңдей балдардын ден соолугун текшерип, анализдерди салыштырып чыгышкандан кийин башка аймактардагыга караганда Алтай облусунда жашаган балдар зат алмашуу жана кан айлануунун бузулушу ооруларына көп чалдыгаарын аныкташкан. Мындан башка да оорулардын деңгээли бул аймакта жогоругу экендиги далилдеген.

Байкоңурду азыр негизинен Орусиянын “Росавиакосмос” агенттиги, Кошмо Штаттарынын НАСА космос агенттиги жана Европанын космос изилдөө башкармалыгы (ESA) пайдаланып келатат. Журналдын айтымында окумуштуулардын мындай маалыматтарын орус чиновниктери калп дешет, ал эми америкалыктар жана европалыктар өздөрүнүн бул окуяларга дегеле тиешеси жоктугун айтып, өздөрүнө жакын жуутушпайт.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматына берген интервьюсунда Казакстандын мамлекеттик авиация жана космос комитетинин Байкоңурдун ишине көзөмөл салуучу бөлүмүнүн башчысы Эркин Шаймахамбетов да мындай маалыматтарды туура эмес деп эсептейт:

Жаратылышты коргоо министрлигинин өкүлдөрү космодромдо дайыма иштеп жатышат. Алар экологиялык абалга көзөмөл кылып турушат. Биз өзүбүз ушул шаарда жашайбыз жана ракеталардын учушунун терс таасирин деле сезген жокпуз. Окумуштуулар космоско байланыштуу иштердин экологияга таасири өтө эле аз экендигин далилдешкен.

Эркин Шаймахамбетовдун айтымында элдин ден соолугу дайыма текшерилип турат жана эч кандай оор дарттар аныктала элек.

Байкоңур космостук комплексинин абалы Советтер Союзу кулаган 1991-жылдан кийин оорлогон. Казак өкмөтү өз менчигине өткөрүп алганы менен комплексти кармоого күчү жетпей келатат. Орусия болсо Казакстан аренда үчүн сураган 55 миллион долларды төлөөнү улам кийинкиге жылдырууда.

Кеңсеси Алматыда жайгашкан “Табихат” экологиялык уюмунун жетекчиси Мелс Элеусизов Байкоңурда абал чындыгында эле оор деген пикирде:

Ар бир ракета канча кислород жагып жатат. Азыр протон ракетасы уча баштады. Ал гебтил деген өтө уулу күйүүчү майды жагат. Гептилдин бир граммы 2 кубокилометр абаны булгайт. Ошондуктан Байкоңурдун экологиялык абалы өтө эле начар.

1999-жылы Орусия учурган протон ракетасы Казакстандын борбордук облустарынын биринде жарылгандан кийин Байкоңур убактылуу жабылган болчу. Ал ирет өтө уулуу заттар эл жашаган аймактарга тараганы аныкталган. Бирок 2 жылдан кийин Байкоңур кайра иштей баштады.

Сергей Зыков баштаган новосибирскилик окумуштуулардын изилдөөлөрү башка иликтөөлөр менен бышыктала элек. Бирок "Nature" журналы ал маалыматтар кандай болгон күндө да бийликтерге жана экологдорго ойлонууга жем таштай турган фактылар деп жазды.

Байкоңурду Кошмо Штаттарынын НАСАсы жана Европанын космос изилдөө башкармалыгы да пайдаланып, ракета учурушат. Бирок алардын өкүлдөрү журналга берген интервьюларында Казакстандагы экологиялык абалга байланыштуу эч кандай жоопкерчилик алышпаганын айтышкан.
XS
SM
MD
LG