Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30

ТАЖИКСТАНДАГЫ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООНУН АДИЛЕТ ӨТӨӨРҮНӨН ҮМҮТ АЗ


Шайырбек Эркин уулу, Прага Келээрки айдын 27-февралында Кыргызстанда эле эмес, кошунаТажикстанда да парламенттик шайлоо өтөт. Бул Тажикстандагы атуулдук согуштан кийинки экинчи парламенттик шайлоо. Анда президент Имомали Рахмонов башында турган Тажикстандын Элдик-демократиялык партиясы жеңишке жетээри болжонууда. Өлкөдөгү оппозициялык саясатчылар менен байкоочулар азыркы шайлоо мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу адилет жана калыс өтпөйт деп боолгошууда.

Парламенттик шайлоодо партиялык тизме боюнча шайланчу 22 орунга талапкерлерди каттоо өткөн аптада аяктады. Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мухибулло Додожонов өлкөдөгү алты саясий партиядан катталган талапкерлер боюнча буларды маалымдады:

-14-январга карата партиялык тизме менен шайлоого демократиялык партиядан- 4, Коммунисттик партиядан- 9, Тажикстандын элдик –демократиялык партиясынан- 21, Ислам кайра жаралуу партиясынан 15,Социалисттик партиядан- 5 жана социал-демократиялык партиядан -7 талапкер катталды.

Бул шайлоодо да учурдагы парламенттеги 65 пайыз орунду ээлеген, башында президент Рахмонов турган Тажикстандын элдик-демократиялык партиясы жеңишке жеңил жетээри болжолдонууда. Аталган партиянын 70 миңдей мүчөсү бар.

Ал эми Коммунисттик партияда 60 миңдей, Ислам кайра жаралуу партиясында 20 миңдей мүчөсү бар. Жогоруда аталган калган үч партиянын мүчөлөрүнүн баарын кошо эсептегенде 10 миңге араң жетет.Маселен,
мындан 15 жылдай мурда, 1990-жылдардын башында түзүлгөн Тажикстан Демократиялык партиясында төрт жарым миңдей гана мүчөсү бар.

Оппозициялык маанайдагы бул партиянын лидери Махмудрузи Искандаров өткөн айда тажик бийликтеринин суроо-талабы менен Москвада камакка алынып, үстүнөн кылмыш иши козголгондуктан ал шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Искандаров кармалган соң Тажикстандын башкы прокурору Бобожон Бобохонов аны катаал жаза күтүп турганын айткан:

-2004-жылдын 27-августунда таңга жуук Тажикабад райондук ички иштер бөлүмү менен прокуратуранын имаратына куралдуу адамдар чабуул жасап, андан бир милиция кызматкери жарадар болгон. Бул террордук аракет Искандаров тарабынан уюштурулган

Ал эми Тажикстандын демократиялык партиясы партиянын төрагасы Искандаровдун камалышын оппозицияга каршы саясий иш-чара деп эсептейт.
Аталган партиянын төрагасынын орун басары Рахматулло Валиев бийлик аны шайлоого катыштырбоо үчүн гана ушундай кадамга барды деген пикирде:

Баары белгилүү. Искандаров мырза шайлоого утурлай ага катышуу укугунан ажыратылды. Бул аны жана ал жетектеген партияны шайлоого катыштырбоо максатында алдын-ала эле ойлонулуп жасалган аракет

Төрагасы камалган соң бул партия оболу шайлоого бойкот жарыялайбыз дегени менен эми кайрадан шайлоого катышмакчы болууда.

Өлкөдөгү дагы бир оппозициялык “Тараккият”же “Өнүгүү” партиясынын лидери Султан Кувватовдун үстүнөн да өткөн жумада кылмыш иши козголуп, ага өлкө президентинин абийирине шек келтирген деген айып тагылууда. Ал 1999-жылкы президенттик шайлоодо кыска мөөнөткө талапкер болгон. Кувватов акыркы үч жылдан бери өз партиясын каттоодон өткөрө албай келген.

Ислам кайра жаралуу партиясы да талапкерлерин каттоодо кыйынчылыктар болгонун айтууда. Партиянын лидери Саид Абдулла Нури шайлоо 2000-жылдагы шайлоодон айырмаланып, бир топ мыйзам бузуулар менен коштолот деген пикирде:

- Тилекке каршы, азыр мыйзам сакталбай жатат жана шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолчудай. Менимче алдыдагы шайлоодо мурдагыга караганда көбүрөөк байкоочулар көз салышат. Бирок, шайлоо адилет жана калыс өтөөрүнөн үмүт аз

Өлкөдөгү беш жылга созулган атуулдук согушту токтотууга негиз берген 1997-жылкы тынчтык келишимине ылайык Тажикстандын өкмөтүнөн оппозициялык партияларга 30 пайыздык орун берилген. Ошондой эле Тажикстан Борбор Азиядагы исламчыл партия расмий катталган бирден-бир өлкө.

Борбор Азия боюнча эксперт Оливиер Ройддун айтымында, шайлоо алдында Тажикстан эми ошол келишимди жокко чыгарат окшоп калды.

-Тажик бийлиги жакында жетишкен мыйзамдуулугун эл аралык коомчулуктун алдында күчкө салып эле жоготкону турат. Бул азыр ачыкка чыгууда. Башкача айтканда Тажикстан өкмөтүнө плюрализм учурунда атуулдук согушту токтотуу үчүн гана керек болгон. Эми андай согуштун коркунучу кетип, тынчтык орноп калган соң бийлик мурда алган милдеттемелерин сезбей калды.

Тажик бийликтери өткөн жылдардагы Грузиядагы жана Украинадагыдай окуялар өз өлкөсүндө орун алышына жол бербөөнүн да аракетин көрүүдө. Маселен, өткөн жумада өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги эл аралык уюмдардан же чет өлкөлүк атуулдардан каржылык колдоо алган талапкерлер шайлоодон четтетилээрин
XS
SM
MD
LG