Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:04

АКШ ПРЕЗИДЕНТИ ИРАНГА КАРАТА КҮЧ КОЛДОНУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮН ЖОККО ЧЫГАРБАЙТ


Улан Эшматов, Бишкек. АКШнын президенти Жорж Буш, эгер Иран шектүү өзөктүк программасы боюнча көбүрөөк кызматташпаса, ага каршы күч колдонулуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт. Буш бул тууралуу ушул дүйшөмбүдө америкалык телеканалдардын бириндеги маегинде билдирди. Мунун алдында "Нью-Йоркер" деп аталган журнал террорго каршы согуштун кийинки бутасы Иран болушу ыктымал экенин жазып чыккан эле. Андагы маалыматтарга караганда, АКШнын атайын кызматтарынын адамдары келечекте сокку урулуучу жайларды аныктоо максатында Ирандын ичинде чалгын иштерин жүргүзүүдө.

Ирандын шектүү өзөктүк программасы менен байланышкан чатакты чечүүдө баардык ыкмалар жокко чыгарылбасын президент Жорж Буш ушул дүйшөмбүдө америкалык Эн –Би-Си телеканалына берген интервьюсунда айтты:

-Мен биз бул чатакты дипломатиялык жол менен чече алабыз деп үмүттөнөм, бирок башка мүмкүнчүлүктөр да жокко чыгарылбайт.

Президент Буш буга чейин Иран маселесин чечүүнүн эң жакшы жол катары дипломатияны атап келген эле. Ал эми Буштун билдирүүсүнө тушташ Ирандын коргоо министри Али Шамханинин жергиликтүү маалымат каражаттарында жарыяланган сөздөрүнө караганда, Ирандын аскерий мүмкүнчүлүгүн эч ким билбегенден кийин ага эч бир өлкө кол сала албайт.

Вашингтон Иранды өзөктүк курал программасын жашыруун түрдө өнүктүрүп жатат деп эсептейт. Тегеран болсо муну төгүндөп, өзөктүк программасы, анын ичинде уранды байытуу боюнча иштери тынчтык максатты, өлкөнүн энергетикалык муктаждыгын камсыз кылууну көздөрүн ырастап жүрөт. Байытылган уран бул - өзөктүк куралдын негизги компоненттеринин бири.

Президент Жорж Буштун соңку билдирүүсү алдында абройлуу "Нью-Йоркер" журналы террорго каршы согуштун кезектеги бутасы Иран болушу мүмкүн экенин жазып чыккан эле. Кезинде Ирактагы Абу- Грейб түрмөсүндө америкалык аскер кызматчылар камактагыларды кордогонун бетин ачкан таанымал журналист Сеймор Херш өз макаласында президент Жорж Буш АКШнын атайын күчтөрүнө Жакынкы Чыгыш менен Түштүк Чыгыш Азиянын он өлкөсүндө террорчулар колдонушу мүмкүн деп эсептелген жайларга каршы жашыруун операцияларды жүргүзүүгө уруксат берген буйруктарга кол койгонун маалымдаган.

Журналисттин аты аталбаган булактарга шилтеме берип, жазганына караганда, мына ошондой атайын күчтөр Иранда шектүү жайларды аныктоо максатын былтыр жайдан бери эле жашыруун иштерди жүргүзүп жатат. Ак үй да, Пентагон да андагы маалыматтарды "так эмес" деп төгүндөдү. "Нью-Йоркердин" маалыматын Ирандын Улуттук коопсуздук кеңеши да жокко чыгарды.

Шахрам Чабин Коопсуздук саясаты боюнча Женевадагы борбордун эксперти. Анын ишениминде, балким АКШнын күчтөрү Иранда жашыруун операция жүргүзүп жатышы мүмкүн, бирок мунун тобокелчилиги жогору:

-Америкалыктар Иракта да, Ооганстанда да жайгашкан. Чек араны толугу менен жүз пайызга жабуу мүмкүн эместей. Андыктан адамдардын Иранга кирүүсү кыйынчылык жаратпайт. Бирок адамдарды узак убакытка кармоонун тобокелчилиги жогору деп ойлойм, эгер ал билинип калса саясий кесепеттери өтө олуттуу болот.

Мунун аралыгында шейшембиде Евробримдик Иранга карата дипломатиялык ыкманы кармануу чакырыгы менен чыкты. Уюмдун ири үч өлкөсү: Британия, Германия, Франция Иранды өзөктүк курал жасоочу технологиядан баш тартууга ынандыруу боюнча сүйлөшүү өткөрүп жатат.

Бирок "Нью-Йоркердеги" макаланын автору Сеймур Херштин дүйшөмбүдө Би –Би-Сиге айтканына караганда, Пентагондогу айрым адамдар Евробиримдик менен Ирандын сүйлөшүүсү ийгилик чыкпайт деген ишенимде жана Пентагон Ирандагы шектүү жайларды жок кылууга даярданууда. Британ тышкы иштер министри Жек Стро АКШнын Иранга сокку уруусун өткөн ноярбрда "акылга сыйбаган" иш деп атаган. Аналитик Шахрин Чабин да муну эң жаман жол деп эсептейт:

-Бул эң акыркы ыкма, натыйжасы белгисиз ыкма. Бул жерде көп жайлар бар жана ал жайлар тууралу көп нерсе: Ирандын прогрммасы кандай деңгээлде, негизги жайларына соку урулса аны канчалык тез калыбына келтире алат, ирандыктар өзөктүк программасын эмне үчүн өнүктүрүүнү чечкени беймаалым. Биз алар чындап эле куралды же куралдан башка мүмкүнчүлктөрдү көздөгөнүн азырынча билбейбиз.

Британдык "Fiancial Times" гезити шейшембидеги санында жазганына караганда, Ирандагы режимди алмаштыруу саясатын колдогондор АКШ Сенатында да көбөйүүдө. Алар тарабынан сунуш кылынып, Эркиндик жана Колдоо актысы делген документ АКШ администрациясын режимди өзгөртүүнү колдоп, Ирандын террорчулукту айыптаган оппозициячыл топтору менен байланышты күчөтүүгө чакырат.

XS
SM
MD
LG