Линктер

жума, 31-март, 2017 Бишкек убактысы 00:51

Еврошериктештиктин Украина менен мамилеси окуялардын өнүгүшүнө жараша болот


БРЮССЕЛЬ. Еврошаркет анын Украина менен мамилеси окуялардын өнүгүшүнө жараша боло турганын билдирди. Шериктештик Украинага кеңири кызматташтыкты сунуш кылат, бирок аны уюмга мүчө кылып кабыл алуу жөнүндө азырыныча кеп кылбайт. Еврошаркеттин төрагасынын милдетин аткарып жаткан Люксембургдун тышкы иштер министри Жан Асселборн Европарламентте сүйлөгөн сөзүндө февраль айында Украин жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, орток иштердин планын түзүүгө аракеттене турганын билдирди. Өткөн жумада Европарламент Еврошаркетке мүчө өлкөлөрдөн расмий Киевге карата саясатын кайра карап чыгып, ага уюмга мүчө болуу перспективасын ачууну талап кылган.

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG