Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:21

АКШ эгерде Иран кызматтушуудан баш тартса ага каршы күч колдонууга кесенди


ВАШИНГТОН. АКШнын президенти Жорж Буш эгерде Иран эл аралык уюмдар менен кызматташпаса, АКШ ага каршы аскердик чара көрүүсү мүмкүн экенин эскертти. Кечээ кечинде Американын телевидениеси аркылуу сүйлөгөн сөзүндө Жорж Буш Иран менен таймашууну дипломатиялык жол менен чечүүгө ниеттүү экенин белгилеп, ошону менен бирге эле алдыда аталган чаралар да колдонушулушу ажеп эмес экенин кошумчалады.

Биз маселени дипломатия жолу менен чечерибизге үмүттөнөм, бирок аны чечүүнүн башка жолдору колдонулушу мүмкүн экенин да кошумчалайм,- деди Буш.

АКШ Тегеран ядролук курал чыгаруунун үстүнөн жашыруун иштеп жатат, деп шектенет. Ал эми Иран байытылган уранды тынчтык максатта гана колдонууга ниеттүү экенин кайталат келатат.
Буштун мындай тынчсыздануусуна Россиянын тышкы иштер миинстри жооп билдирүү жасап, Ирандын ядролук программасы тынчтык максаттарды гана көздөй турганын айтты. Россия Иранда атомдук электростанциянын крулушуна жардам берип жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG